www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атам согуш алааматына аралашса да, согуш тууралуу 9-майда кеп кылбаса, ооз аччу эмес. Ага караганда аталаш иниси Болотбек байке отурса, турса да согуш тууралуу кеп кылып турар эле. Айдарбек байке айткандай «жалгыз немецтерди жеңип келгенсип». Илгерки заман экен Болотбек байке 6 ай кичүү болсо да Жамалкан жеңем ыйба кылып, атын тергеп, атамды терең сыйлап турчу. Азыр алты ай кичүү болсо теңтуш болуп алышат. Бир ирет СССР тараган соң 9-майда атама: «Жеңген СССРдин ГКЧП быты-чытын чыгарып, жеңилген Германия гүлдөп жатпайбы» -деп алдым, чындыгында үч Германия (ГДР, ФРГ, Батыш Берлин) кошулуп, СССР он бешке бөлүнүп кеткен. Атам күлүп тим болгон, эми ойлоп койом, согуш ардагерине айтпай койсом деле болмок экен.

Алаамат ааламды бүркүп, согуш оту жанып 1941-жылы 22-июнда Улуу Ата-Мекендик согуш башталат. Кылым таяп жашап калган Эсенбай каза болот. Үзүлөр алдында бул алаамат узакка созула турган болуп баратат. Бала-бакырам аман-эсен кезинде ашымды кошуп берип кеткиле” - деген экен. Эсенбайдын көзү өткөндө бала –бакыралары Намазбек, Надырбек, Турдубек, Келдибек, Ополоң, Турумбектер бар экен, Эсенбайдын керээзин аткарышып коюшуп, кыркы, ашын берген соң чилдей тарашып бири согуш майданында көзү өтсө, бири тылдагы кара жумушта жүрүшүп жок болушат. Ал кезде орус-финн согушу, Монголияда согуш болуп кыска эле болгон. Ошондуктан, элдин оюнда бул согуш бир-эки ай болор деген үмүт бар эле.

Эсенбай уулу Келдибекти согушка  аттанганда башкаларчылап түз эле алып кеткен эмес. 1942-жылдын августунда атам Улуу Ата-Мекендик согушка жөнөгөн. Анын, мектеп директору катары жана башка бир туугандары бүт согушка жана тылдагы эмгек лагерине аттанып, жалгыз бала катары Келдибектин согуштан калганга «брону» болсо да өз ыктыяры менен фашизмге каршы жөнөйт. Жогорку билимдүү мектеп директору катары 1942-жылы алгач Түркмөнстандын Кушкасында эки ай даярдыктан өткөрөт. Күздүн күнү болсо да Кушка ысык экен. Ал жерден даярдыктан өткөн соң согушка аттанышып, Саратовго Бишкек аркылуу өтө турган болот. Эсенбаев Келдибектин Бишкек аркылуу өтөөрүн билген жакын туугандары вокзалга аны менен коштошуп калууга келишет. Бир гана аянычтуу нерсе Кеминдеги эжелери Келдибек өтөт экен деп Кеминден жөө, арабалап келатып, атам менен жолугушканга жетишпей калыптыр. Поюз жөнөп кеткенден кийин келип калышып, ошол жерде коштошпой калдык деп боздоп ыйлашкан дешет.

Саратовду көздөй поюз менен Мукай Элебаев менен бирге аттаныптыр. Мукай Элебаев ал кезде дасыккан, элге таанымал жазуучу 37 жашта экен 20 жаштагы атама аябай улуу көрүнчү окшойт. Жаштардын бары аны тегеректеп алып, ал да чоң кишидей мамиле кылчу экен. Бул жактан ач карын, поюз менен кетип баратабыз дечү. Мукай Элебаев: «Мунун барын Сталин билбейт, бери жактагылардын жасаган душмандыктары» - дечү экен. Биз менен бирге бараткан кээ бир улуттун өкүлдөрү өтүк, шинелдерин сатып тамак-аш алып жатты дейт. Мукай Элебаевдин тегерегиндеги кыргыздар кийимдерибиз сатпай бүтүн, бирок ач карын барышыптыр. Саратовго барсак кар жаап, суук түшүп калыптыр, катарга тизип өтүк, шинели жокторду, аларды сатып ток баргандарды казармага калтырып, сатпай бүтүн баргандарды токойго кыштын суугунда отунга алып барып жүрдү дечү. Ошол жерде да 1-2 ай Мукай Элебаев менен жанаша жатыптыр. Нарядга чыкканда кээде котелок толтура тамак алып келип, Мукай Элебаевге берчүмүн дейт. Ал артка чакырып алгыла деп Кыргызстанга кат жазып жүрчү, бирок жооп жок кийин ал Ленинград фронтуна кетиптир. Ал 1944-жылы май айында Псков облусунда курман болгон экен. Согуш отун кечип жүргөндөгү Элебаевдин ырлары, албетте, ошол кандуу окуяларга арналып, алыскы мекенине, үй-бүлөсүнө болгон сагынычы, алар менен кайра жүздөшүү тилеги, жеңишке болгон ишеничи да чагылдырылат.

Саратовдо эки –үч ай окууда болушуптур. Мылтык менен аттырышып атамды снайпер катары 38-чи аткычтар дивизиясынын 48 аткычтар полкуна бөлүшүптүр. Атам согуш жөнүндө көп айтпагандыктан кайсы жерде болгондорун иликтеп жүрүп жаздым. Бул дивизия Сталинград фронтунда салгылашып тамтыракайы чыгып калган экен. Аны 116 аткычтар дивизиясы менен алмаштырып Саратов облусуна 1942-жылдын 11-октябрында алып келип 22-ноябрга чейин кайра түзүп жаткан экен. Түзүлө элек жатып согушка кирет. 11-ноябрда 38-дивизия күтүүсүздөн кол салып  менен италиялык дивизиянын таш-талканын чыгарат да 15-декабрга чейин Дондун түштүк жээгинде плацдармын кармап турат. 16-декабрда чабуулга өтүп «Пасубио-Рома» аталган италиялык дивизияны жер менен жексен кылат. 22-декабрдагы үч күндүк согуш учурунда Ростов облусундагы бир топ айылдарды бошотуп, 7 миң италиялыктарды туткунга алып, көптөгөн курал-жарактарды колго түшүрөт. 1942-жылдын декабрынын аягынан 1943-жылдын 17-январына чейин чейин Миллеровонун айланасында салгылашып чабуулдардын негизинде Лисичанск, Славянск, Артемовск, Краматорск шаарларын бошотот. Душмандардын аянбаган контр чабуулунан соң Барвенково шаарын коргоп, 28-февралда шаарды таштап, курчоого алынып калат да, кан төгүүлөргө карабастан курчоону жарып чыгып, Изюм шаарынын айланасында жайгашат. Июлдун башында Курск дугасындагы эң оор салгылашууга катышат.13 августта чабуулга өтүп Сухая Каменка, Перекоп, Лозовой шаарларын алат. 1943-жылдын сентябрында дивизияны кайрадан түзүү максатында Унеч станциясына алып келет. 1943-жылы 20-октябрда Армиянын генералы Рокоссовский башында турган Белорус фронту түзүлөт. Бул дивизия Белорус фронтуна кошулат. Речица шаары үчүн салгнылашууну баштап, Шатилки, Мольча, Чирковичи станцияларын бошотот.1944-жылдын январында Калинковичско –Мозыр операцияларында катуу жоготууга учурап, 25-январда резервке чыгарылат. 24-февралда толуктоолор менен кайрадан согушка кирет. Ошол согуш учурунда ПХД келер менен күтүп, дайыма өзбек биринчи туруп, тамак алчу дейт. Бир күнү ал кезек күтүп турса дал ошол жерге снаряд жарылып тамаксоо өзбегиң жок дейт.

 Толуктоолордон соң дивизия 19 мартта айыгышкан согушка кирип Мокраны, Тур, Краска райондорунда душманга каршы жан аябай согушуп, Батыш Двина дарыясында, Витебск шаары үчүн кан төгүлгөн салгылашуулар болот. Витебск шаарын бошотууда көрсөткөн эрдиги үчүн Эсенбаев Келдибек «Кызыл Туу» («Красное знамя») орденине татыктуу болгон.

 Ушул оор салгылашууларда Эсенбаев Келдибек жарадар болуп талаада үч күн жатып калат. Согуш учурунда сталиндик 100 граммды басып алышып чабуулга чыгышчу экен. Атам өзүнүн 100 граммын жанындагы орус кишисине берип койчу экен. Ушундай оор салгылашууларда атам кайтпай калган соң тиги орус балким тирүү болбосун деп издеп талаадан таап, кансырап жаткан атамды алып келет. Аны санчастка, андан госпиталга алып кетип, бутун кесмей болот. Бутун кестирбей койот.

Улуу Ата Мекендик согуш миллиондогон адамдардын ѳмʏрʏн алып кетти. Согуш бʏтʏп жеӊишке жетишкенибизге жетимиш беш жыл болсо да, ошол согуштун тегирмен барасында айланып, нечендер набыт болушкан. Аттиӊ дʏйнѳ, ал согуш болбогондо, алар тукумулап, кыргыздардын саны ѳсмѳк беле деп ойлоп кетем. Кʏлгʏн жаш убагында от кечип канн майданга аттанышкан аталарыбыздын, агаларыбыздын катары азайып калды. Улуу Ата мекендик согуштун катышуучусу Эсенбаев Келдибек менен Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Тенти Орокчиевдин маегин жарыялап койдук. 

Тенти Орокчиев: «Эсенбайдын балдары кан майдандан кайтпай калган»

Келдибек ЭСЕНБАЕВ, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери.

Тенти ОТУНЧИЕВ: Кийинки муун, урпактарыӊыздар сиздердин алдыӊыздарга таазим этебиз. Кѳкʏрѳгʏӊʏздѳрдʏ ДЗОТко тосуп, Мекен деп кан майдандын отун кечип жʏрдʏӊʏздѳр. Бул эми чоӊ тарыхта калчу окуя. Убакыт деген тынымсыз ѳтѳт тура, мына эми жеӊиштен кийинки жетимишинчи  жаз келди. Сиздерди улуу Жеӊиш майрамы менен куттуктап кетмекчимин! Ушул согушка аттанып бара жатканыбыз жѳнʏндѳ эсиӊизде калганын айтып берсеӊиз.

Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Ошол согуш кара жерге кирсин. Канчалаган адамдардын башын жутуп кетпедиби. Мен Кочкор аскердик комиссариаты тарабынан ѳзыктыярым менен 1942-жылы кʏзʏндѳ согушка аттангам. Себеби, бар болчу. Атам Эсенбай токсондон ѳтʏп калган. Ошол согуш башталып, узарып баратканда балдарын, неберелерин чакырып алып: «Бул согуш чоӊ алаамат болмой болду. Колуӊарга курал-жарак кармай ала турганыӊар Мекенди коргоого аттангыла. Менин да аркы дʏйнѳгѳ аттана турган убактым келди. Менин кара ашымды, кыркымды, ашымды чогуу ѳткѳзʏп коюп, кан майданга жѳнѳгʏлѳ»,- деп керээзин айтып, кѳзʏ ѳтʏп кетти. Атамдын сѳѳгʏн жашырып, айткандай ашын да кошуп ѳткѳрʏп жашы келип калган агаларым Намазбек, Надырбек ооруктагы жумушка, Турдубек, Турумбек, Ополоӊ, мен кан майданга аттандык.

Тенти ОТУНЧИЕВ: Ушунун баардыгы Эсенбайдын балдарыбы?

Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Турумбек менен Ополоӊдон башкасы бир туугандарым болчу. Турумбек Надырбек байкемдин, Ополоӊ Намазбек байкемдин баласы. Экѳѳбʏз бир куракта элек, ѳтѳ ѳткʏр жигит болчу.Мен билим алып, кызматтарда иштеп калдым эле, ошондуктан, бизди Кушкага (Тʏркмѳнстан) алып барып, командирлик курска бир-эки ай даярдады.

Тенти ОТУНЧИЕВ: Сиз менен чогуу болгондордон эсиӊизде калгандары барбы?

Келдибек ЭСЕНБАЕВ: Бар эмей… ошондо белгилʏʏ жазуучу болуп калган Мукай  Элебаев ал мезгилде отузду ортолоп калса керек. Кѳпчʏлʏгʏбʏз он сегиз, жыйырмадагы жаш балдарбыз. Ал киши бизге акыл- наасатын айткан улуу кишидей кѳрʏнчʏ. Менин атам тууралуу сыртынан угуп жʏрсѳ керек. «Эсекемдин баласы турбайсыӊбы»,- деп эркелетип койчу. Менин атам Эсенбай Нарын, Кѳл, Чʏйгѳ кадыры сиӊген эсепчи болгон. Ал мезгилде азыркыдай  аба-ырайын прогноздогон мекеме жок болгондуктан, эсепчилер ѳзгѳчѳ кадырланчу. Атам кыш суук болобу, жазында жут болобу жылжыздарга карап алдын ала айтчу да. Ошондуктан, алыстан атама ат арытып келип, жылдын кандай болоорун сурап кетишчʏ экен.

Маектешкен: Тенти ОРОКЧИЕВ, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргыз Руху» гезити

Атам агасы Сатарга окшоп орден, медалдарды тагынып алганды да, иниси Болотбекке окшоп генералдардын аттарын айтып, согушканы тууралуу айтчу деле эмес. Бир кезде ким согушка барды бары жогу билинип калчу. Кылым аяктай согушту көрбөгөндөр деле баатыр болуп чыга келишти. Кеп кылгандардан Ашым Кыдырбаев «власовчу» болгон. Ал немецтерде иштеп биздин айылдаш бирөөнү атпай качырып жиберет. Кийин ошол аркылуу билинип камалып келет. Мыкты чыгып келаткан Эсенбек, Эсеналы деген балдары жаш кетишет. Кийин улгайып баратканда да балалуу болуп, баласын Исакеевдик бирөө ат менен эңип кетипжок кылат. Алиаскар Молдобаев менен Барктабас согуш талаасынан жолугушуп,кучакташып калат, ушул учурдан пайдаланып кимиси экенин билбейм, бирөө биринин котелогун чечип кетиптир.

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости