www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуну (Куренов) Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери кармаганга аракет кылып жатат. Бул тууралуу Тилекмат Кудайберген өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Анын айтуусунда, милиция үй камагынын эрежелерин бузду деп камоого аракет кылып жатат.

“12-август күнү кечки саат 22:00дөр чамасында Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын кызматкерлери төрт унаа менен үйгө келип кармап кеткенге аракет кылды. Булардын максаты көчөдө жүргөн жеринен кармап кеттик деп айтуу болчу. Бирок жанымда он чакты тааныш адамдар болгондуктан кармап кете алган жок. Булар мени камаганга аракет кылып жатышат”, - деп жазган ал.

Ошондой эле, ал жасалма номур таккан унаа аны аңдып жүргөнүн кошумчалаган.

Эске салсак, Тилекмат Кудайберген уулу Жазык кодексинин 310-беренеси ("Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар") жана 264-беренеси ("Массалык башаламандыктар") боюнча айыпталган. Укук коргоо органдары анын Facebook баракчасындагы билдирүүсүндө "бийликти кулатууга чакырыктар бар" деп тапкан жана активист 15-мартта Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алынган.

Бишкек шаардык соту Кудайберген уулунун бөгөт чарасын 26-апрелде карап, үй камагына чыгарган.

Тилекмат Кудайберген уулу президент Садыр Жапаровдун саясатын сындап келет. Ал "Жетим-Тоону коргоо" кыймылын жетектеген, "Ханституцияга каршы" борборунда мүчө болгон. Ал эми 11-июлда Бишкек шаардык кеңешине өткөн кайра шайлоодо "Туран" партиясын жетектеп чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости