www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тиллаевге тизгин тийгени иш оңолууда

Жогорку Кеңештин бюджет комитети бир топ маселени чечип, абройлуу делген орун эмеспи. Мына ошону кезинде Аскар Шадиев жетектеп турганда каражаттардын бөлүштүрүлүшү, көзөмөлү, ага тиешелүү мыйзамдардын иштелиши дегендер ымтырап эле бир орунда тура берчү эле.

Аталган комитетке ЖоКе депутаты Таабалды Тиллаев жетекчи болгондон бери кадыресе жылыш бар. Ырасында Таабал­ды мырза мурунку жетекчи Аскар Шадиевге салыштырмалуу бир топ кыйын жигит экен. Чече турган маселелерди жеринде чечип, баардыгын жайгарууда. Талаш туудурган мыйзамдар кайра иштелип, чалажери иргелүүдө.

Айтор иштесе болот экен да. Бул комитетке Тиллаевди жетекчи кылууну ким таап алса да мыкты тандоо болуптур. Таабал­ды мырза аталган комитетти чырмалышкан коррупциянын былгып жаткан сазынан сууруп кетээрине ишеним күч.

Булак: "Де-Факто"

Последние новости