www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Америка Кошмо Штаттарында кармалган Кыргыз Республикасынын жараны Б.Б. боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт.
Мурда Министрлик тарабынан кармалган жарандын жакындары жана Кыргыз Республикасындагы трак компаниясынын өкүлү менен мындан аркы кадамдарды жана укуктук коштоону талкуулоо максатында жолугушуулар өткөрүлгөн.
2026-жылдын 13-февралында консулдук чыгуу иш-чарасынын алкагында Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкери тарабынан учурда Кентукки штатындагы «Boone County Jail» түзөтүү мекемесинде кармалып жаткан Кыргыз Республикасынын жараны менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө жаранга анын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын кийинки процесстик аракеттердин алкагында коргоо боюнча консулдук-укуктук кеңеш берилди.
Учурда штаттын укук коргоо органдары тарабынан тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Башкы консулдук аталган мекеменин администрациясы, АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын аймактык бөлүмү, ошондой эле жарандын туугандары жана жакындары менен туруктуу жана түз байланышта.
Аталган маселе Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелеринин көзөмөлүндө турат.