www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги дипломатиялык кызматтардагы бош орундарга сынак жарыялайт. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Ага ылайык, төмөнкү кызматтар бош:

  • төртүнчү саясий департаменттин Түштүк Азия бөлүмүнүн биринчи катчысы;
  • алтынчы саясий департаменттин инвестиция, экспорт жана туризм бөлүмүнүн биринчи катчысы;
  • иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин кеңсесинин башкы адиси;
  • иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин архивинин башкы адиси;
  • төртүнчү саясий департаменттин Жакынкы Чыгыш жана Африка бөлүмүнүн атташеси;
  • консулдук кызмат департаментинин чет өлкөлөрдөгү жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн атташеси;
  • эл аралык укуктук департаментинин ар тараптуу кызматташтык бөлүмүнүн атташеси;
  • иш кагаздарын жүргүзүү жана электрондук документтер менен камсыздоо департаментинин көзөмөл бөлүмүнүн атташеси;
  • ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси;
  • ТИМдин Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атташеси.

Документтер ушул жылдын 17-февралына чейин кабыл алынат. Кызматка орношуунун шарт-талабы тууралуу ТИМдин сайтынан кененирээк таанышып алсаңыз болот. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости