www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Италияга студенттик визасын ала албай жатканын айтып президент Садыр Жапаровдон жардам сурап кайрылган кыргызстандык жаштардын өкүлү менен жолугушуу болгонун Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, буга дейре андай көйгөй бар экени тууралуу аларга жазуу түрүндө маалымат түшкөн эмес.

Министрлик Италиянын Кыргызстандагы элчилигине тийиштүү кат жөнөткөнүн, виза маселесинин чечилишин тездетүү өтүнүчү менен кайрылганын жана бардык тийиштүү мекемелер менен байланышта экенин билдирди.

Италиянын жогорку окуу жайларына өтүп, бирок үч-беш айдан бери визасын күтүп жатканын, айрымдарынын мөөнөтү ушул айда аяктай турганын, жалпысынан мындай көйгөйгө кыргызстандык 190 студент кабылып олтурганын айткандар өлкө жетекчилигине ачык кат жолдоп, жардам сурашкан.

Алар документтерин Италиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу Мария Беспаловага тапшырышканын, бирок андан эч кандай жооп болбой жатканын билдиришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости