www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы саясий окуяларга, президенттик шайлоо жана референдум өткөрүү процесстерине дүйнөлүк коомчулук кылдат көз салып турат. Ошол себептүү бул жолу баарын Конституциянын алкагында адилеттүү, калыс өткөрүү маанилүү. Бул тууралуу Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында айтты.
«Бул биздин мамлекетибиздин суверендүүлүгү, көз карандысыздыгы, ички, тышкы коопсуздугуна таасир этет. 2005-2010-2020-жылкы окуялар көрсөткөндөй, биздин элибиз демократиялык жолубуздан бурулбайт. Конституциялык өзгөртүү жасап жатабыз. Бул биздин ички ишибиз.
Эл кайсы бирин тандаса, ошол жол менен кетебиз. Мында мыйзамга каршы келген эч кандай көрүнүш жок. Болгону долбоор кеңири талкууланып, Коопсуздук кеңешинен баштап жергиликтүү бийлик тарабынан кеңири түшүндүрүлүшү керек. Мунун баары кеңири талкууланып кабыл алынган соң дүйнөлүк коомчулук да бизди туура түшүнөт», - деди министр.
Эскерте кетсек, 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум өтмөкчү.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg