www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда жол кырсыгына кабылгандар Кыргызстанга алып келинди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР жарандарынын катышуусундагы кырсык 2024-жылдын 10-февралында Кызылорда облусунун Арал районунда болгон.

"Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу жана Шымкент шаарындагы Ардактуу консулдугу жол кырсыгына кабылган КР жарандарын Шымкент шаарындагы кыргыз диаспорасы менен тыгыз кызматташтыкта мекенине ийгиликтүү алып келишти", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, 21-февралда Казакстан (Кордай) менен чектешкен "Ак-Жол - автодорожный" өткөрмө пунктунда жабыркаган мекендештер андан ары зарыл медициналык жардам көрсөтүү үчүн КР Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости