www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан репрессияларды жүргүзүп жаткан беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Freedom House эл аралык укук коргоо уюмунун жаңы баяндамасында айтылат. Анда бийлик чет өлкөлөрдөгү оппоненттерин куугунтуктаган мамлекеттерге көңүл бурулган.

2014-жылдан 2023-жылга чейин уюм 100 мамлекеттин аймагында иликтөө жүргүзүп, 44 өлкө өкмөтү жалпысынан 1034 трансулуттук куугунтукка барганын аныктаган. Репрессиянын жалпы саны боюнча алдыңкы бештикке Кытай, Түркия, Тажикстан, Орусия жана Египет өкмөтү кирген.

Баяндаманын авторлору мурдагы СССРдин авторитардык өлкөлөрү көзөмөлгө алынышы керек болгон адамдардын жалпы базасын түзүшкөн деп эсептешет.

Укук коргоочу Стив Свердлоу: "Автократиялык мамлекеттер чет жердеги оппоненттерин коркутуп же куугунтуктай баштаса, бул трансулуттук куугунтук болуп саналат", - деп түшүндүрдү.

Ал трансулуттук куугунтук жана репрессия ички жана эл аралык коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирерин, бул көйгөйдү тез арада чечүү үчүн демократиялык өлкөлөр биргеликте иш алып баруусу керектигин белгилейт.

"Биз журналисттер, активисттер жана репрессиялык режимдерди сындаган башка адамдар үчүн коопсуз жай жок дүйнөнү кабыл ала албайбыз" деп жазат Freedom House.

Буга чейин Тажикстандын Башкы прокуратурасы 2023-жылы эки жүздөн ашык жаран алардын өтүнүчү боюнча экстрадицияланганын билдирген. Бул бир жыл мурунку көрсөткүчтөн эки эсе көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости