www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРдин Тышкы иштер министрлиги Новосибирск-Бишкек каттамы боюнча буга чейин авиабилеттерди сатып алган Кыргызстандын жарандарын алып келүү маселесин макулдашты. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 22-апрелинде Россия Федерациясы Кыргызстандан өзүнүн жарандарын алып кетүүнү мерчемдеген. Россия тарабы менен ушул эле рейс боюнча Новосибирск шаарындагы мекендештерибизди алып келүү тууралуу макулдашуу жетишилди.

Буга чейин пландаштырылган каттам менен мекенине учуп кете албай калган, колдоого жана жардамга өзгөчө муктаж болгон КР жарандарына Новосибирскте убактылуу жайгаштырууда жана тамак-аш менен камсыздоодо диаспоралык уюмдар тарабынан көмөк көрсөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости