www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирүү таратты. Анда аталган эки жаран дагы деле убактылуу кармоочу жайда кармалып жаткандыгын, алар соттун чечимин күтүп жаткандыгын билдиришти. КСДП партиясынын жаштар канатынын мурдагы жетекчиси Ренат Самудинов менен анын аялы КТРКнын мурдагы кызматкери Элнура Молдокадырова АКШда чек арачылар тарабынан кармалганы маалымдалган.

Тышкы иштер министрлиги АКШдагы элчилик менен байланышып, бул маалыматты тастыктаган. Алар Америкадан саясий башпаанек сурап баргандыгын, кошмо штаттарга кирүү үчүн визасы жок болгондуктан, чек арачылар тарабынан кармалгандыгын билдиришкен.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина алардын учурдагы абалына кызыккан.

"Ренат Самудинов бир кезде биздин партиянын мүчөсү эле. Анын аялы резонанстуу иликтөөлөрдү алып чыгып жүрчү. Мексикадан Америкага өтүп жаткан жеринен чек арачылар тарабынан кармалгандан бери унутта калды. Ал биздин жараныбыз болгондон кийин элчилик андан кабар алышы керек, балким юридикалык жардамга муктаждыр, жардам берели", - деп айткан Карамушкина.

"Биздин АКШдагы элчилик аталган убактылуу кармоочу жайдын жетекчилиги менен тыгыз байланышта. Азырынча алар кандайдыр бир юридикалык жардам сураган жок, эгер алар жардам сураса көмөктөшүүгө даярбыз", - деп айтылат маалыматта.

Булак:kyr.bulak.kg

Последние новости