www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги Москва жана Тамбов облустарында болгон өрттөрдөн жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалыматтарды тактоону улантууда.
Элчиликтин маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-июлунда Электросталь шаарынын (Москва облусу) жана Котовск шаарынын (Тамбов облусу) аймактарында чыккан өрттөрдүн кесепетинен эки кыргызстандык жаран ар кандай деңгээлде жаракат алган.
2026-жылдын 20-июлуна карата Н.А. жана Ж. уулу А. аттуу жарандардын абалы канааттандырарлык деп бааланып, алар Электросталь шаарындагы ооруканада дарыланууда. Аларга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
Элчиликтин кызматкерлери жабыркагандардын жакындары менен жолугушуп, консулдук-укуктук жардам көрсөтүштү.
Ошондой эле учурда өрттөн каза болгондордун арасында Кыргызстандын жарандары бар экендиги тууралуу расмий маалымат тастыктала электиги белгиленди.
Мындан тышкары, өрттөн кийин байланышка чыкпай калган жакындарын издеген жана документтерин жоготкон жарандар Элчиликке кайрылышкан.
Кийинчерээк алардын айрымдары жакындары менен байланышканы аныкталган.
Эвакуацияланып, бирок жеке буюмдарын жана документтерин жоготкон эки жаранга Кыргызстанга кайтып келүү үчүн күбөлүктөр берилди.