www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын Москва облусундагы Электросталь шаарындагы Wildberries маркетплейсинин кампасында болгон өрттөн кыргызстандык жүздөгөн ишкерлер жабыркады.
Ишкерлердин айтымында, кампадагы товарлардын көбү кийим-кече болгон. Айрым сатуучулар өз чыгымдары 3 миллион сомдон 100 миллион рублга чейин жеткенин билдиришүүдө.
Кыргызстандык 700дөн ашуун ишкер атайын топ түзүп, юристтер менен биргеликте Wildberries компаниясынан чыгымдарды тактап, компенсация талап кылуу маселесин карап жатышат.
Сатуучулар компаниядан күйгөн же жоголгон товарлар тууралуу так маалымат берүүнү сурашууда. Алардын айтымында, көпчүлүгү товарларын насыя жана карыз каражаттарына даярдашкан.
Буга чейин Электросталь жана Тамбов облусундагы Wildberries кампаларына Украина дрон менен сокку уруп өрт чыккан. Кырсыктан ондогон адам жабыркап, каза болгондор да бар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кампада жабыркаган кыргыз жарандары боюнча маалымат такталып жатканын билдирди.