www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 20-августта тунгуч президенттин кызы Бермет Акаева Кыргызстанга келгени айтылган. Бул көрүнүшкө жаш саясатчылардын катарын толуктаган Тимур Саралаев менен Мавлян Аскарбеков пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

Тимур Саралаев: Азыркы бүдөмүк, түшүнүксүз келечек, коррупцияга жол ачкан себепкер, тоноп-тытмаланган Мекенибиздин башкаруусуна кокустан келген биринчи качкын президенттин кызы Бишкекте ээн-эркин басып жүрөт. Бул кишилер ээн-эркин баскандын ордуна элдин алдында жооп бериш керек, кантип эл душманы болуп, чыккынчылык чечимдер кабыл алышканы үчүн.

Мавлян Аскарбеков: Элибиздин, мамлекетибиздин терисин тескери сыйрып, карапайым элдин 1,5 млн. балдарын тентиткендер ээн, эркин сейилдеп жүрөт. Мындайлардын орду түрмөдө. Талап кылалы, - деген пикирин жазышып чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости