www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Убактылуу өкмөт 2010-жылы бийликти колго алган соң, кыргыз элине олчойгон убадаларды берген. Арийне, убадалардын бирин аткарган жок.Тогуз жыл бири-бири менен кырылышып бири –биринин көчүгүн чукуп жатып, элге жек көрүнду болуп алды. Атамбаевди президент кылышты эле эң биринчи УӨну талкалап Текебаевади, Чотоновду камап, Отунбаева, Каптагаев, Сариев, Шерниязов, Дүйшөбаев, Өмүркулов, Бекназаровду,Исмаил Исаков, Султан аксакалдлын кызы Элмираны куугунтуктап УӨнун түб үнө жетти. Атамбаев өзүн бийликке алып келген адамдарды жок кылып,өзү торго тшту, эми анын мурунку командасы эмне дейт:

[i]1. Роза Отунбаева -1950, Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти катары Атамбаевдин келишине шарт түзгөн.

2. Алмазбек Атамбаев – 1956, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, Убактылуу Өкмөткө жана апрелдин жалган баатырларына таянып 2011-2017-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенти болгон.

3. Азимбек Бекназаров – 1956, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын коопсуздук боюнча орун басары. 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Жогорку кеңештеги өкүлү.Каршы чыккан эмес.

4. Өмүрбек Текебаев – 1958, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары. 2010-жылдагы Башмыйзамдын «атасы», «Ата-Мекен» партиясынын лидери.Каршы талапкердигин койгон эмес.

5. Темир Сариев – 1963, Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары.2015-2016-жылдары Кыргыз Республикасынын премьер-министри.Колдоп экономика министрин алган.

6. Топчубек Тургуналиев – 1941, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. 2010-жылы Токой чарбасынын жетекчиси. Колдоп балдарына кызмат алып берген.

7. Исмаил Исаков – 1950, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.СДПК депутаты катары колдогон.

8. Абдыганы Эркебаев -1953, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын президенти. Колдогон.

9. Эмилбек Каптагаев -1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, президентик аппарат жетекчиси катары колдогон.

10. Иса Өмүркулов - 1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Бишкекке мэр болгон.Атамбаевди “Журт атасы” деп колуна өлүп берген.

11. Кеңеш Дүйшөбаев – 1957, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, УКМК төрагасы.Колдогон.

12. Болот Шерниязов – 1959, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри.”Ата-Мекен” колдогон.

13. Элмира Ибраимова- 1962, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. Эсеп палатасынын төрайымы. Колдогон.

14. Дүйшөн Чотонов -1967, Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. Өзгөчө кырдаалдар министри. .”Ата-Мекен” колдогон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

Последние новости