www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тимур Саралаев миграция маселесине байланыштуу өзүнүн пикирин төмөндөгүчө билдирди:

-Негедир соңку күндөрү, өзгөчө жаңы жылдан кийин миграция маселеси (кытайлар контекстинде) кайрадан кызуу талкууга алынып, бул маселени айрым ММК козголо баштады.  Көп учурда бул "темага", ММКлар маал-маалы менен, фрагментарно көңүл бурушат дагы анан калтыра кетишет.

Бурулуп жаткан учурда түздөн-түз, жана кыйыш түрдө миграцияга, өзгөчө ички эмгек рынокко тийешеси бар тараптардан маалымат, пикир, комментарийлерди алышат. Алар рахаттануу менен бакылдап беришет, айрымдары (грант алып, миграция жаатында иштемиш эткендер) отчет үчүн, маморгандар дагы күпүлдөп иш кылып жатканын көрсөтүү үчүн, ал мен-мен деген эксперт-серепчилер барбыз деген үчүн жана көйгөйдү терең түшүнөбүз деген "вид" көрсөтүш үчүн. 

Ошону менен бирге миграция боюнча, өзгөчө бизге сырттан келген чет элдиктер иштеп жүрүшкөнү тууралуу. (Кытай, Туркия, ж.б.) канчалаган талкуулар, тегерек-столдор, конференциялар өттү жана болуп келе жатат.

Бирок, алардын өткөнүнө-болушуна, сунуштардын иштелип чыгышына, бакылдап-күпүлдөп, отчетторду кылышына карабастан, миграция көйгөйүү былк этпей турганы турган.

Анткени бул көйгөйдөгү эң эле негизги түпкү маселеси - элементардуу паракорчулук. Ал ачык жүрбөйт, ал жашыруун, системдүү, баарын камтып алган.

Бир жагын басымыш этишсе, экинчи жагы чыгат, ал жагын тыйса, үчүнчү жери өсүп чыгат. Ал гидра сымал, кесип салсан дагы 2-3 жерден өсүп чыга берет. Укук коргоо, коопсуздук, соттук, көзөмөлдөөчү чөйрөөлөрдү оңдомоюн, миграция жаатын жөнгө салуу деген айрымдардын ак-тилек, аруу ойлору аларды тилекке каршы, дароо Дон Кихотго айлантат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости