www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-апрелде Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин астында белгисиз кыргыз жаранынын нараазы болгон тасмасы тараган. Ал социалдык тармактарда элчиликтин мигранттарга жардамын берип жаткандыгын четке каккан.

Ага утурлай эле Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчилигинин өкүлү Тимур Саралаев белгисиз жарандын видеотасмасы тууралуу үн катты.

--Калыстык үчүн айтып коюу керек. Сиздерге жигитче ачык айтып коюу учуру келди. Учурда Россияда COVID-19 менен ооругандардын саны 90 миңге жетейин деп калды, анын ичинен теңи Москва шаарында каза болгон адамдардын саны 800 кишиге жетти. Ал эми Москвада 500гө чукулдады. Тилекке каршы, ооругандардын арасында кыргыздар да бар.

Айтаарым, элчиге жан тарткан үчүн эмес, элчилик менен бирге Миграциянын кызматынын, ИИМдин, ЕАК комиссиясынын жана диаспоранын лидерлери, өкүлдөрү бир айдан ашуун, дем алышсыз, күнү-түнү кооптуулукка карабастан өз коопсуздугун унутуп, РФ жана Москва шаарындагы кыргыздардын түйшүгүн аз болсо да жеңилдетүү максатында ишти 1 саатка да токтото элек. Алар саналуу эле адамдар.

Кайсы жерге барбайлы алар абдан чектелген мүмкүнчүлүктөргө карабастан, колдон келген нерселерди кылып жатышты. Биздин жалпы дарекке айтылган өйдө-төмөн сөздөргө, сынга карабастан дагы да уланта беребиз. Сөздөрүмдү айрымдар жалган деп ойлобош үчүн мен ар дайым Фейсбук жана Инстаграмм баракчам аркылуу бир күнү эртең менен, бир күнү күндүзү, башка күнү же түнү online ишти көрсөтүп жаттым. Бирок ага карабастан, “элчилик мындай-тигиндей, чартер уюштурбайт, элди кетирбейт, жолду ачпайт, жардам бербейт, майыптар менен кары-картаңдар Москвада жок, тааныштарына тамак-аш берип жатат” ж.б.у.с. нааразычылыктар “айрымдар” тарабынан күч алды.

Акыры бүгүн бир провокатор келип – “Элчилик элдин алдынан эшикти жаап алды” десе эле, абройлуу эле адамдар анын артынан чапкан бойдон кетишти. Кечирип коюңуздар, ардактууларым, бирок ал жигит же ал сыяктуу кече же мурда күнү келип, колл-борборго чейин кирип келип, - “иштеп-жатасыңарбы, силерди текшергени келдик”, деп жулкулдап келгендер кимдер?!

Алар ТИМден же ЖКтин Эл аралык комитетинен, же Президенттин аппаратындагы Тышкы саясат бөлүмүнүн текшерүүчүлөрбү?! Ким өзү алар?! Мен билбейм, тааныбайм, көргөн эмесмин, уккан да эмесмин. Алар Кыргыз Республикабыздын жарандары, элчиликтин ишмердүүлүгү боюнча маалымат алганга толук укуктуу, бирок мындай формада эмес. Эшикти тепкилеп эмес, чыкканда эле кыйкырык формада эмес, дүрбөлөң аркылуу эмес. Чынын айтканда ошол жигит келгенде мен башка жакта болуп калганыма өкүнүп жатам, мен аны менен сүйлөшүп, ишти көргөзөт элем.

Социалдык тармактардын активдүү колдонуучусу катары Москвада да өзгөчө Инстаграммда мен активдүүмүн. Биздин ал жактагы жаш “Москвичтердин” ойлогон ойлорун уксаңар чачыңар тик турат, арасында маргиналдар– “жүргүлө Элчиликти өрттөйлү” дегендер да жок эмес.

Учурда 1 адамга жардам берсек, тилекке каршы, миң адам калып кетип жаткан мезгил, анткени бизде каражат жок, жетиштүү эмес. Элчи өзү таап жаткан акча хостелдерге, 3 апталык азык-түлүккө гана жетти, товар менен алып келип жаткан штабка, кол сунган диаспорага, кыргыз ишкерлерине рахмат. Бул жардам миңдин тегерегиндеги үй-бүлөгө гана жетти. Бирок баары бир бул көлгө куйган бир тамчыга гана барабар. Анткени бере турган нерсебиз масштабды эске алганда жокко тете. Учура турган да учагыбыз, батирлердин ижарасын төлөй турган акчабыз да жок.

Уланта берсе сөз көп, соңунда айтаарым – азыркы күнү Элчиликти тепкилегенге оңой, жеңил, эң ыңгайлуу, баарына сындай берсе боло берет демекчи. Бирок, ушул күндөргө чейин “пиар кылып жатышат, мактанып жатышат” дебесин деп унчукпай келдим. Эми мындан ары жеке мамилелерге карабастан, болгонун-болгондой, сыпайланбай айтып турганга мезгил келди.

Ошондуктан, мен маселе элде эмес, элчиликте же элчиде же менде эмес, маселенин баары Бишкекте экенин айткым келет! "Мигранттар" деп сайрап жүрүшкөн саясатчылар, партбосстор, лидерлер, жаш саясатчылар, ишкерлер кайда?! Кайдасыңар силер?! Бириң жоксуңар го. Анча-мынчалар трибунадан сүйлөп жатышат. Силердин сүйлөгөнүңөр кереги жок азыр. Керек болсо силерден да кооз сүйлөй алабыз, силерден азыр күчөтүлгөн колдоо керек. Кайда ыкчам чечимдериңер?! Бул жерде эл-журт кыйналып жатат, жетимсиреп калды, ошондуктан алардын ачууланганына мен таарынбайм.

Кыргызстандын активдүү калкынын төрттөн бир бөлүгү бул жакта жүргөнүнө карабастан, саясий элитанын кайдыгер болгонуна таң калам жана ызаланам..-.деп билдирди Тимур Саралаев.

Мына, биздин кыргызстандык “москвичтер”...Элчиликтин эшигин тепкенге, же аларды текшергенге ким укук берди?-деген суроо жаралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости