www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Президент Сооронбай Жээнбеков сот-прокуратура, укук коргоо органдарындагы коррупцияны ооздуктоо боюнча катуу чараларды көрөрүн айтты. Мамлекет башчысы бул убадаларынын өтөөсүнө чыга алаарына, милициядагы тамырлап кеткен коррупцияны тыйганга күчү жетеби?
– Президенттин күч органдарындагы, анын ичинен милициядагы гүлдөгөн коррупцияны толук болбосо дагы, бирок анын жогору тепкичтериндеги токтотууга албетте күчү жетиши керек. Кыргызда жакшы сөз бар, “балык башынан сасыйт” деген. Ошол сөзгө жараша, акыркы мезгилдерде паракорчулуктун өлчөмү, анын деңгээли абдан чоңойду. Коомчулук эртеден-кечке чейин көпчүлүк ММКдан формачандардын ар кандай кылыктарын көрүп, угуп-билип жатабыз.
Албетте, баардык милиция кызматкерлери башына чейин коррупцияга малынган эмес, ИИМдин ичинде деле түзүк айлыктан-айлыкка иштеген, жөө жүргөн, чынчыл офицерлер арбын. Бирок ошол чынчыл, мыйзамды сыйлаган, мыйзамга баш ийген милиция кызматкерлерин таза эмес начальниктер башкарып жатат.
Мына ошолорду президент саясий эрктин жардамы жана коомчулуктун колдоосу менен тазалашы керек. Аны азыр ага аткарууга мыйзамдуу да, саясий да мүмкүнчүлүктөрү бар. ИИМдин жогору жактары түздөлсө, андан кийин төмөн жагы деле акырындык менен оңолот.
Ал эми эң негизгиси, азаркы тапта жарандардын ага болгон үмүтү бар. Ошол кадамга бара алса, анда Сооронбай Жээнбеков бир ууч саясатчылардын эмес, элдик президент боло алат. Мен президент күч органдарын, ИИМди, УКМКны андан тышкары прокуратураны дагы чукул арада тизгиндеп, ичиндеги болуп жаткан кадрлык кризисти жөнгө салат деп ишенгим келет.
Булак: "Майдан.kg"