www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 19-июлда КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга жарандык активисттер, укук коргоочулар жана коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү чакырылган. Иш-чара 10до башталып, 14.00 кийин бүттү. Президенттин аппараты 2 саат убакыт бөлгөндөн тышкары, президент дагы кошумча 2,5 саатча олтурду.

--Тимур мырза, бир нече сааты мурун КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугушууга катышып келдиңиз. Кандай суроолор берилип, эмне маселе талкууга алынды.

--Жолугушуу учурунда жарандык коомдун ар бири өкүлү кенен-кесир ойлорун айтып жана суроолорду бергенге жетишишти. Мен дагы катышуучу катары кезек келгенде президентке 2 көйгөйлүү маселе боюнча оюмду билдирип жана алар боюнча анын пикирин уга алдым. Биринчи маселе, - бул өлкөбүздө соңку мезгилдерде трайбализмдин көчүшүн, мамлекеттин, коомдун туруктуулугуна кооптуу регионализмдик жагдайларды айрым саясий күчтөр кайсы жээктен козутуп жатканын айттым. Ал маселеге президент – “кимдер кылып жатканын билем, алар менин “досторум”, деп жооп берди. Экинчи көтөргөн маселем болсо, ал, өлкөбүздөгү Кыргызстан профсоюздар Федерациясындагы коррупциялык башаламандык, карапайым эмгекчилерди коргогондун ордуна, тескериче аларды кордоп жатышканын баса белгилеп, өлкө профсоюздарынын Социалдык фонддон жылына миллиондогон бөлүнгөн акча-каражаттар өзүм билемдик менен колдонуп жатканын, профсоюздар Федерациясына чара көрүүнүн жана президенттин алдында коомдук комиссия түзүү зарылчылыгын айтым. Президент, профсоюздук маселени биргелешип карайлы, ал жердеги көйгөйдү чогу оңдойлу деп жооп берди.

--Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости