www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
27.08.2016 жыл, Москва шаары, 17 киши тирүүлөй күйүп кетти. 16.01.2017 жыл, Дача Су кыштагы, 39 киши учактын айынан каза болушту. Көчкү, сел, жер силкингенди жана автокырсыктарды айтпай турайын.
Бак-дарактарга боор ооруп, уясыз калган балапандарга болушуп, аларды коргогон албетте абдан жакшы, туура деп эсептейм. Бирок ушундай ынтымак жана күжүрмөндүк менен силерди бийлик алдап, коркутуп жана көз көрүнө сатып алып жатканда эмнеге чырылдабайсыңар?!
Москвада кыз-келиндер өрттөнүп өлгөндө "Уркуянын" алдында чогулушуп, шам күйгүзүп, ташка кагаз чаптап, ар бириңер - "Кечиргиле...", деп ыйламыш эттиңер эле. Андан кийин, бийликтин товарларын алып келе жаткан, кара жолтой түрк учагы кулап, ал жерде 39 киши басылып, тебеленип өлгөндөн кийин тыңыраактары 1-2 жума макарон, суу май, эски-пуску кийим-кечек чогултуп аза күтүмүш болдуңар. Эми суроо, ошол кара күндөрдө күтүүсүз келген кырсыктар өттү-кетти, далай сөздөрдү ушул жерде бапылдап-бакылдап жүргөндөрдүн көбү айтты эле - "минтип-тигинтиш керек", деп. Ошолор кайдасыңар, кыргыз элим кайдасың, барсыңбы деги, же баарын унутуп калдыңбы?! Ким, качан жооп берет, же сага баары бирби?!
Кудай сактасын, бирок бизде ушундай болуп калды, дагы бир нерсе болсо, элимдин кыйын чыкмалары дагы чыгат, кагаз, гүл, шам көтөрүп алып, ыйламыш этип, анан бүттү. Кыскасы, көңдөй болуп бара жатат окшойбуз...
Тимур Саралаев, тележурналист
Булак: NazarNews.kg