www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дэвид Маллпас Дүйнөлүк Банктын президенти кызматын июнь айынын соңунда өткөрүп берүү чечимине келди. Анын мындай чечимге келишине мындан бир нече ай мурда Ак үй менен болгон пикир келишпестиги түрткү болгон.

Кескин өзгөрүп кеткен климаттык бузулуу-глобалдык жылуулукка байланышкан маселедеги илимий консенсус боюнча макул болбогондугу чырдын ырбашына себеп болгон.

Ал кездеги президент Дональд Трамптын дайындоосу менен эл аралык финансы уюмуна 5 жылдык мөөнөткө отурган Маллпас бир жыл мөөнөтүнөн эрте кетип жатканы белгилүү. Мындай чечимге келээрден мурда банк жетекчиси "терең ойлонгон соң гана алдыдагы башкы максаттар үчүн ушул чечимге келгенин" билдирди.

Өткөн жылдын күз айларында ал "климаттык өзгөрүүлөр боюнча илимий консенсусту" колдобой койгону үчүн Ак үйдүн ур-тепкисине калган эле. Андан соң бир аз убакыт өткөн соң Дүйнөлүк Банктын президенти кечирим сурап, "адамзаттын кийлигишүүсү климаттын өзгөрүүсүнө өзүнүн таасирин тийгизет" деген көз карашын бекемдеген.

Нур БАЙГАЗАК

Булак: NazarNews.kg

Последние новости