www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каржы министринин орун басары Руслан Татиковду депутаттар катуу урушту.
Депутат Адахан Мадумаров Европа банкынан ала турчу гранты тууралуу сурады.
"Эмне үчүн банк ушунча акчаны жөн эле өзүнө алып калып жатат? "Откат" деген түшүнүктү түзүшкөн булар (ред. өкмөт). Муну Татиков жакшы билет. Эмне үчүн бул каражаттарды биз кайтарабыз?" — деп сурады депутат.
Татиков Мадумаров "откат" боюнча туура эмес айтып жатканын билдирди.
"Сиз өзүңүз үч жолу депутат болгонсуз, спикер да болгонсуз. Ошол учурда бардык насыялар алынган. Сиз өзүңүз бардык шарттарды мыкты билесиз", - деди министрдин орун басары.
Андан соң депутат менен министрдин орун басарынын ортосунда кайым айтышуу орун алды.
Каржы министринин орун басарынын сөзүнө башка депутаттар да нааразылыгын билдиришти.
"Эмне деп жатасыз, Татиков? Бул жерге айтышканы келдиңизби? Сиз суроолорго жооп беришиң керек!" – деп ачууланды парламенттин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев.
Вице-спикер президенттин жана министрлер кабинетинин туруктуу өкүлү Алмазбек Абытовдон чиновниктер этиканы сактоосун талап кылды.
Абытов мындай көрүнүш кайталанбайт деп убада берди.
Булак: NazarNews.kg