www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын тургуну күйөөсүн өлдү деп ойлоп өлүкканага жиберип салганын South China Morning Post басылмасы жазды.
Окуя Хубэй провинциясындагы Шиянь шаарында болгон. Хуан аттуу жаран ашказанынан рак болуп, дарыгерлер анын акыркы стадияга келгенин аныкташкан. Дүйшөмбү күнү эртең менен аялы ойготкондо турбай койгон. Аны өлдү деп ойлогон жубайы аза кызматын чакырып, "сөөктү" өлүкканага алып кетишкен.
Бир нече сааттан кийин сөөктү акыркы сапарга узатууга даярдап жаткан кызматкер ката кеткенин байкаган. Ал өлдү деген кишинин эриндери менен манжалары кыймылдап жатканын байкаган. Күрөө тамырын басып көрүп, тирүү экенине ишенгенден кийин Тез жардам чакырган. Бирок дарыгерлер келгенге чейин бейтап үзүлүп кеткен.
Аза кызматтын өкүлдөрү ушундай нерсеге үчүнчү жолу күбө болуп жатканын айтышып, өлдү деген кишинин күрөө тамырын жакшылап текшерип, андан кийин гана тийиштүү кызматтарга кайрылуу керектигин эскертти.
Булак: "sputnik.kg"