www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дача Сунун жашоочулары менен сүйлөшүп турсак ары жактан бир аял кыйкырып "акчаны алып жатышат, бир басып келип кичине балдарды уранды алдынан алып чыккан айыл элин ыраазы кылып, кан чыгарып, куран окутуп коюшкан жок" деп жабыркагандардын жакындарын күнөөлөп калды. Ошол күнкү каргашалуу кырсык адам өмүрүн гана алып тынбастан, айыл элин да экиге бөлгөнү байкалып турду...

"Мына ушул жерде эки учкучтун сөөгү жатыптыр. Көрсө учактын учкучтары отурган башы биздин үйдүн так тушуна кулаптыр. Үчүнчү учкуч отурган креслосу менен кошо коңшу үйдүн короосуна кирип кетиптир. Биз анын курларын чечкиче эле үзүлүп кетти", — деди Дача Су айылынын тургуну.

Анын айтымында, короосунда түрк учкучу каза болгон кошунасы ал үйдө жашай албай турганын айтып ит бекер акчага тамын сатып баса берген. 

Ал эми биздин каармандын үйү кандайдыр бир жол менен аман калып, учактын канаттары анын дарбазасын гана талкалап кеткен. Каргашалуу таңда катуу силкинүүнү сезген үй ээси көчөгө ич кийиминин үстүнө күрмө кийип чуркап чыгып, ошол бойдон жүргөнүн түштө гана сезген. 

"Жер титирегендей сезилди, чуркап чыксам алдымда жалбырттаган өрт, кыйкырык үндөр. Унаада балам өрттөнүп жаткандай көрүнүп аны куткарганга жөнөдүм. Көрсө катуу коркконго мага ошондой сезиле бериптир. Балам түнү такси айдап иштечү, бактыга жараша бир аз убакыт мурда эле ишине чыгып кеткен. Болбосо биздин үй-бүлө да канча адамдан айрылмак, ким билет", — деди кырсыктын күбөсү.

Ал ачык айтпаса да сөздөрүнөн бийликке нааразы экендиги байкалып турду. Ал тургай учак талкалап кеткен дарбазаны да өзү эптеп салыптыр. Мындан 7 жыл мурун Дача Судан там алып жатканда аларга бул жерде жашоо кооптуу экенин эч ким айткан эмес.

"Биз кырсыктан кийин бул жакта жашоо болбой турганын, кызыл зонада жашаарыбызды билдик. Учак так үстүбүздөн өтөт. Буга чейин байкачу эмес белек же үйлөр кырсыктан кийин бошоп калдыбы айтор оор жүктөрдү ташыган учактар өткөндө үйлөр кадимкидей титирейт. Жашоо кооптуу, бирок кайда бармак элек", — деди каарман.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, каргашалуу окуяга чейин Дача Судагы үйлөр 15 миң долларга чейин бааланчу. Азыр аларды беш миң долларга да эч ким сатып албайт, алса да ал каражатка жер участогу келбейт.

Уран Садыров

Дача Су айылынын тургуну

Уран Садыров болуп өткөн окуядан кийин психикалык жактан ооруйт. Дайыма кулагына кыйкырып жардам сураган балдардын үнү угулуп, өрттөнүп жаткан кошуналарын элестей берет.

"Учак кулаганда биз алгач асмандан комета түштү го деп ойлогонбуз. Сыртка баарыбыз чуркап чыксак, аялдар, балдар жардам сурап кыйкырып жатыптыр. Өрт биз жакка да жайылчудай болгонунан жакындарыбызды алып өйдөңкү кошунанын үйүнө жеткирип кайра келгенче кыйкырып жаткандардын көбү каза болуп калыптыр", — деди Садыров.

Эр жүрөк азаматтар учак, топурак алдынан бүтүндөй бир үй-бүлөнү аман алып чыгышкан. Бирок айрымдарына жетишпей калышкан. 

"Жакшылыктын атасынын сөөгүн үйүнөн казып алып чыккам, бырчаланып кетиптир. Ал менин кошунам эле. Дагы башка 10го чукул адамдын сөөгү ушул жерде тизилип жатты. Азыр да көз алдымда", — деди Садыров.

Анын айтымында, ал ушул убакытка чейин учактын үнү угулса коркот. Ал эми Дача Сунун үстүнөн күнүнө жок дегенде 10 авиалайнер өтөт. 

Венера Шейшенова

Учак кырсыгынан жабыркагандар тарабынан түзүлгөн демилгечи топтун төрайымы

Венера Шейшенова кырсык болгон жерге жумасына жок дегенде эки жолу келип, көз салып кетет. Каргашалуу окуя болгон жерди сейил бакка айландыруу да анын негизги максаты. 

"Адамдар бул жайга таштанды таштап, тебелеп-тепсей баштаганда атайын тосмо койдуруп салдык. Себеби бул жерден балдарым, кошуналарым каза болгон", — деди Шейшенова.

Туура бир жыл мурун кондитер цехинде иштеген Венера Шейшенова жумушка кетээри менен таң атпай кошунасы чалып: "Венера эже, биздин районго учак кулады, келе калыңызчы" деп телефонду коюп койгон. Санаасы санга бөлүнгөн эне ичинен "Кудай балдарым аман болсо экен" деп үйгө жеткиче тиленип келет. Келсе үйү түп орду менен жок, кара түтүн, кыйкырык... Андан да коркунучтуусу учак алдында анын үч баласы калып каза болгон. Башка үч баласы менен жолдошу аман калган. Суук кабарды уккан эне дарынын күчү менен ооруканага жеткирилип, 2 айга чукул өзүнө келе албай жаткан.

"Ооруканада жатканда мага журналисттерден башка эч ким келген жок. Гуманитардык жардамдар тонналап Дача Суга жөнөтүлүп жатты. Ал учурда жабыркагандардын жарымы жакындарын коюп жүрсө, жарымы өзүнө келе албай бейтапканада эле", — деди Шейшенова.

Азыр ал кырсыктан жабыркагандар демилгечи тобунун жетекчиси. "Кырсыктан каза болгондорго эстелик тургузуп, учак кулаган жерди сейил бакка айландыралы" дегенде айылдын айрым тургундары каршы чыгышкан.

"Мемориалдык эстелик тургузуп баштаганда "эмнеге өкмөт силерге кайдагы бир эстелик тургузууга каражат бөлүп жатат" деп чыгышты. Кээ бирине бул эстелик "кайдагы бир" болсо биз үчүн эң баалуу нерсе. Ушул жерге келип бир аз да болсо көксөөбүздү суутуп кетебиз. Алар биз жардам акча алып жатканыбызды көрө албай, булар миллионер болуп, батирден батир ала башташты деп да айтышты. Алар биз тарткан кайгы, муң, азаптын бирин көргөн да, тарткан да жок да", — деп жашыды Шейшенова.

Анын айтымында, ӨКМдин эсебине чогулган акча менен түрк тарап берген каражаттын бөлүштүрүлүшүнө эч ким нааразы эмес. Бирок Дача Суда жашоо чындап кооптуу экендигин ал кошумчалап кетти.

"Бул жакта жашоо кооптуу эле, мен мурунку кошуна, айылдаштарымды туура түшүнөм. Ооба, бийлик аларды башка жакка көчүрүшүн каалап жатышат. Бирок бул маселени мен чечпейм да, ортого аралаштырышпасынчы", — деди ал.

Сүйлөшүп жатсак, сөзүбүздү үстүбүздөн дүркүрөп өткөн учактын үнү бөлдү.

"Кан чыгарып коюшкан жок".
Элди экиге бөлгөн — акча

Дача Сунун тургундарынын көбү аттарын эмнегедир атагылары келбейт экен. Алсак, апаат болгон жерге жакын жашаган адамдардан интервью алып жүрсөк, бир адам "мени тартпагыла, атымды да жазбагыла, эки жарым айга кесилип кеткем" деп жооп берди. Бирок өлгөндөрдүн сөөгүн өз колу менен сыртка алып чыкканын жана каргашалуу окуя күнү бүгүнкүдөй анын эсинде экенин айтып берди.

"Түтүн. Туман. Айланада кыйкырып жардам сураган эле киши. Бир үйгө кирип ал жактагыларды алып чыккыча башкалары өлүп жатты", — деди ал.

Бирок ал кылган ишин милдет кылган жок. Кошунаң өлүп жатса кантип карап турмак элең деп кирип кетти. 

Бир убакта ары жактан көчө жаңырта кыйкырып, аты-жөнүн атагысы келбеген аял кырсыкта үч баласын жоготкон Венера Шейшенованы каралап кирди.

"Акчаны алып жатат, бир басып келип кичине балдарды уранды алдынан алып чыккан айыл элин ыраазы кылып, кан чыгарып, куран окутуп койгон жок", — деп нааразы болду.

Айылда акчанын айынан кээ бир кошуналар бет карашпай калыптыр. 

Нааразы болгон аялдын айтымында, жергиликтүү бийлик да ишеничтен кеткен.

"Мен бул жактан жер алып жатканда айыл өкмөттөн Дача Су жакында айыл болуп калат деп айтышкан. Кырсыктан кийин биз документтерди чогултуп жатып бул жакка жашаганга болбой турганын билдик. Жок дегенде айыл статусун бергиле же көчүргүлө деп барбаган жерибиз калган жок. Бирок акыры мен эле жаман көрүнүп калдым", — деди ал.

Sputnik агенттигинин кабарчылары Дача Суну аралап жүрдү. Эптеп салынган үйлөр, жакырчылык жашоо мындай карасаң эле байкалат. Алар кокус катуу жер титиресе эле урап түшүп калчудай. Көбү мал кармашат экен. Эл сууну көчөдө чыккан колонкалардан алып жатты. "Ушуга да шүгүр кырсыкка чейин айылдын бир эле жеринде суу чыкчу" деди айыл тургундарынын бири. Кичинекей балдардын кээ бири мектепке баратса, айрымдары муз тээп үйлөрүнө келе жатты. Кайрадан үстүбүздөн учак учуп өттү. Короодо топ ойноп жаткан бала ага көңүл деле бурган жок.

Булак: "sputnik.kg"

Последние новости