www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектин борбордук бөлүгүндө 11-июль саат 08.00дөн 13-июль саат 08.00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирет.
Маалыматка ылайык, өчүрүү району М.Фрунзе – Аламүдүн суусу – темир жол линиясы – Панфилов көчөлөрү менен чектешкен.
Өчүрүү мезгилинде сууну ташып берүү график боюнча эртең мененки саат 09.00дөн кечки саат 18.00гө чейин, ошондой эле кечки саат 18.00дөн түнкү 00.00гө чейин төмөнкү даректер боюнча уюштурулат:
- Герцен көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү;
- Токтогул көчөсү – Осмонкул көчөсү;
- Токтогул көчөсү – Герцен көчөсү;
- Огонбаев көчөсү – Суюмбаев көчөсү;
- Бөкөнбаев көчөсү №7;
- Токтогул көчөсү – Куйбышев көчөсү;
- Гоголь көчөсү №112;
- Шопоков көчөсү №29;
- Үсөнбаев көчөсү №24;
- Чокморов көчөсү – Үсөнбаев көчөсү;
- Үсөнбаев көчөсү №26;
- Москва көчөсү №53;
- Токтогул көчөсү – Шопоков көчөсү;
- Шопоков көчөсү №121;
- Тыныстанов көчөсү №64/1 – Боконбаев көчөсү;
- Чокморов көчөсү – Тыныстанов көчөсү;
- Тыныстанов көчөсү №94 (195);
- Токтогул көчөсү №92;
- Тыныстанов көчөсү №215;
- Чокморов көчөсү – Раззаков көчөсү;
- Раззаков көчөсү №50;
- Раззаков көчөсү №51.
Ошондой эле төмөнкү даректер боюнча биодааратканалар (биотуалеттер) орнотулат:
- Абдымомунов көчөсү №207;
- Тыныстанов көчөсү – Чүй проспектиси;
- Тыныстанов көчөсү – Абдымомунов көчөсү;
- Чүй проспектиси – Раззаков көчөсү;
- Киевская көчөсү – Орозбеков көчөсү;
- Москва көчөсү – Раззаков көчөсү;
- Токтогул көчөсү –Тыныстанов көчөсү;
- Түгөлбай-Ата көчөсү – Эркиндик бульвары;
- Осмонкул көчөсү, №128;
- Чүй проспектиси – Сүйүмбаев көчөсү (түндүк-батыш жагы);
- Огонбаев көчөсү – Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Москва көчөсү, №54;
- Москва көчөсү, №21;
- Москва көчөсү – Гоголь көчөсү (түштүк-чыгыш жагы);
- Ибраимов көчөсү, № 29.
"Мүмкүнчүлүккө жараша жайгашкан жерлер алмаштырылышы мүмкүндүгүн белгилеп кетебиз, биз сиздерди кабардар кылып турабыз. Кошумча маалыматтарды "Бишкексууканал" ӨЭБсынын колл-борборунун 1533 телефону боюнча алсаңыздар болот", - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg