www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Атада оор жүк ташуучу унаалардан акчаларды, буюмдарды уурдашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаалардан акчаларды жана буюмдарды уурдоо менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармашты.
Уурулардын тобу трассаларда иштеп, токтоп турган оор жүк ташуучу унаалардын ичинен мүлктү жана акчаны уурдоого адистешкен. Жүк ташуучулар жүктөө үчүн же бажыда өз кезегин күтүп турушат. Ошол эле учурда кээ бир унаалардын ичин кылмышкерлер толук тинтип кетишкен учурлар болот.
Июль айынын башында Ысык-Ата районунун ИИБине Чүй облусунун 32 жаштагы тургуну 17-июнда саат 15:00 чамасында Новопокровка айылынын жанындагы айланма жолдо “Форд” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен 6 миң сом акчасын уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүүнү суранып, арыз менен кайрылган. Арыз ээсинин айтымында, уурулар “BMW-525” үлгүсүндөгү унаа менен качып кетишкен.
6-июлда Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын 39 жаштагы тургуну кайрылып, белгисиз адамдарга карата чара көрүү тууралуу арыз жазган. Анда ал 5-июлда саат 16:00 чамасында Бишкек-Торугарт айланма жолунун Маевка айылына жакын жерде “МАЗ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ичинен уюлдук телефонун уурдатканын айткан.
5-июлда райондук милицияга 43 жаштагы жаран кайрылып, саат 16:00 чамасында Хунчи айылына жакын жолдо “Мерседес” үлгүсүндөгү унаадан 10 500 сомун уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Мындан тышкары башка жабырлануучулардан да арыздар келген.
Алынган маалыматка караганда, кылмыштуу топтун курамында 10дон ашык адам болгон. Алар унаалардан акчаларды жана мүлктөрдү уурдоо менен алектенип, алар дайыма кылмыштуу "чеберчилигин" өркүндөтүп келишкен. Алар ар дайым жеңил унаалар менен жүрүшүп, ар бир жолу ар кандай үлгүдөгү унааларды ижарага алышкан. Алар жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынын көңүл коштугунан пайдаланып, ар бир жолу уурулук менен алектенип келишкен. Маалым болгондой, көпчүлүк жүк ташуучулар эшиктерин жаппагандыктан, уурулар унаанын ичине тоскоолдуксуз киришкен.
Учурда Чүй ОИИББинин Ысык-Ата РИИБинин ыкчам кызматкерлери тарабынан көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар шектүү жарандар кармалды.
- 1996-жылы туулган З.Ж. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Буга чейин 28 жолу соттолгон;
- 1997-жылы туулган Ж.Д. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон;
- 2001-жылы туулган Ж.А. Ысык-Көл облусунун Түп районунун тургуну, мурда соттолгон, бир айга жакын мурда абактан чыккан;
- 2002-жылы туулган Н. уулу А. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургуну. Буга чейин бир нече жолу соттолгон.
Кармалгандардын баары Ысык-Ата районунун ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кармоо маалында кылмыштуу топтун мүчөлөрү ижарага алынган "Хонда" үлгүсүндөгү унаа менен бара жатышкан.
Аталган жарандар башка район-шаарлардын аймагында бир катар уурулуктарды жасаган деп шектелүүдө. Алдын ала маалыматтар боюнча, Талас облусунда, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Чүй облусунун Жайыл районунда ж.б. аймактарда токтоп турган унаалардын ичинен уурдап жүрүшкөн. Жайыл районунда да милиция кызматкерлери бул кылмыштуу топтун эки эки мүчөсүн кармашкан.
Учурда Ысык-Ата РИИБинин тергөө кызматы тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн уурулук фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси "Уурулук" боюнча бир нече кылмыш иштери козголду. Учурда комплекстүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыштуу топтун калган мүчөлөрүн кармоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg