www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында парламенттик шайлоого карата, ар бир талапкерлердин жүрөгү дүкү-дүк...Тилекке каршы өткөн парламенттик курам “чимкирик” деген ылакапка ээ болуп Жогорку Кеңеш менен коштошуп, айрым депутататтар башын кашып, “кайра депутат болуп келет бекенмин”, деген ойдо кыйылып, артын карап имараттан кете берди. Кеткени го кетти, кыргызда кеп бар "Кудай буйруганын көрө жатарбыз" дегендей кимиси "куйрук же буйрук жейт" азырынча белгисиз.
Ааа, баса, “Бир Бол” саясий партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов саясий кеңештин курамы жаңыланганын расмий социалдык баракчасы (https://www.facebook.com/) аркылуу билдирди.
⠀
“Коомчулуктун талабын аткаруу ар бир партия лидеринин милдети деп эсептейм. Коом бүгүн тазаланууну талап кылып турат. Биздин партиянын курамы жаңыланды. Катарыбыз демилгелүү жаштар жана жаратман команда менен толукталды. Алар эл арасынан суурулуп чыккан, өз ишин мыкты билген адистер деп ишенимдүү айта алам. Жаңы курамда экономика, медицина, билим берүү, айыл чарба, маданият ж.б. тармактар боюнча эл аралык тажрыйбасы мол лидерлер бар. Мамлекетибиздин алдындагы жоопкерчиликтүү милдеттерди моюнга алуу менен, прогрессивдүү идеяларды иш жүзүнө ашырууга даярбыз”, — деген Алтынбек Сулайманов.
⠀
“Мекендештерибиздин талабына ылайык, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн таза көз караштагы күчтүү команда керек. Сөздөн ишке өтө турган учур келди”, — деп сөзүн жыйынтыктады Алтынбек Сулайманов. Төмөнкү сүрөттөн Алтынбек Сулаймановдун жаңы желдеттери менен таанышып алсаңыздар болот.
Ошентип Алтыке, эскилер менен жылуу жумшак кош айтышып, жан-жакасын “свежий” мээлер менен толуктады" деп кулагыбыз чалды. Алтыке бул турушунда колуна камчы кармап, атка минип, акырын чырт түкүрө шайлоого аттанды окшойт... Эми, Сулаймановдун жаңыланган жаштары "сенк ю" болобу же "сексалю" болобу көз кырыбызды салып туралы замандаштар!
Булак: NazarNews.kg