www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкектеги “Сейтек” улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда 2022-жыл жыйынтыгы боюнча мыкты билим берүү жана башкаруу көндүмдөрү жана жетишкендиктери менен айырмаланган бир катар мектептер сыйланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, иш-чарага билим берүү министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева катышты. Ал окуу жылын ийгиликтүү аяктап, алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен жалпы билим берүү уюмдарынын өкүлдөрүн куттуктап, аларга сыйлыктарды тапшырды.
"Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкө аймагында мыкты мектептерди тандоо боюнча иш-чара уюштурулуп келген. Жалпы билим берүү уюмдарынын рейтингин жыйынтыктоо үчүн атайын көз карандысыз калыстар тобу түзүлүп, ачык-айкын жыйынтыктар чыгарылды. Калыстар тобунун сунушу менен “Эң мыкты” деп табылган мектептин бир кабинети заманбап үлгүдөгү технологиялар менен жасалгаланат. Бүгүн талыкпай эмгектенип келген мектептердин эмгек жамааттарын, окуучуларын, алардын ата-энелерин куттуктоого кезек жетти. Албетте, ар бир сынакта жеңүүчүлөр чыгат, бирок биз үчүн сиздер баарыңыздар мыктысыздар”, - дейт ал.
Белгилей кетсек, Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектеби "Эң мыкты мектеп" наамына татыды.
Мыкты деп таанылган жалпы билим берүү уюмдарынын рейтинги менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот.
Булак: NazarNews.kg