www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Гүлзат Маймерова өзүнүн кызын жумуштан кетирди. Ага аталган ооруканадагы медицина кызматкерлеринин урушу себеп болду. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги тастыктады.

Буга чейин социалдык тармактарда медиктер урушуп жаткан видео тараган. Маймерова бул окуя өткөн жылдын соңунда болгонун жана видеодо ЛОР бөлүмүнүн кызматкерлери экенин билдирген. Ошондой эле урушуп жаткандардын бири анын кызы экенин тастыктаган.

«Аны жумушка алууга бөлүм башчы жана мурдагы саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев сунуштаган. Мен ага каршы болчумун», - деген Маймерова.

Эске салсак, буга чейин Facebook социалдык тармагына Азамат Мамбетов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун чуулуу медицина кызматкерлери тартылган видеону жарыялаган. "Кыйкырып жаткан кыз борбордун директорунун кызы. Ал жерде дарыгер болуп иштейт", — деп жазган ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости