www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылы Кыргызстанда мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан 24 миңден ашык мыйзам бузуу катталган. Бул тууралуу башкы прокурор Максат Асаналиев Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, мындай укук бузуулардын алдын алуу максатында 12 083 прокурордук акт киргизилген. Алардын жыйынтыгында 570 кылмыш иши козголуп, ошондой эле сотко 771 доо арыз берилген.

"Иштин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 34 млрд 827 млн сом өндүрүлдү. Анын ичинен 1 млрд 243 млн сом акча түрүндө, 33 млрд 584 млн сом мүлк түрүндө кайтарылды. Мындан тышкары, 6932 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке, 3227 кызматкер административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардан мамлекеттин пайдасына болжол менен 16 млн сом айып пул өндүрүлдү. Эң көп мыйзам бузуулар министрликтердин жана ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүндө, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана укук коргоо органдарында аныкталды", — деди ал.

Последние новости