www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда мыйзам баарына бирдей иштеши керек деген ураандар акыркы жылдары бат-бат айтылып келет. Бирок айрым ишкерлердин ачык айтылган билдирүүлөрү бул ураандардын артында канчалык оор чындык жатканын көрсөтүп турат.
Ишкер, Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеев жакында журналист Майраш Базлакуновага берген маегинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда бир да жолу салык төлөбөгөнүн ачык айтты. Анын айтымында, ошол кездеги бийлик үчүн ишкер салык төлөйбү же жокпу маанилүү эмес болчу. Натыйжада, бүгүнкү бийлик мурда төлөнбөй калган салыктарды эсептеп чыгып, андан 300 миллион сом өндүргөн.
Түлеев бул көрүнүштү жеке эле өзүнө тиешелүү маселе катары эмес, мурдагы бийликтердин доорундагы “кадыресе көрүнүш” катары мүнөздөйт. Ал Сооронбай Жээнбековдун президенттик мезгилинде да ишкерлердин салык төлөөсү талаптагыдай болбогонун кошумчалаган. Бирок бул дооматтарга азырынча Атамбаев да, Жээнбеков да, ошол кездеги өкмөт же Салык кызматынын жетекчилери комментарий бере элек.
Эске салсак, Нариман Түлеев 2013-жылы Бишкек мэри болуп турган кезде Кытайдан автобустарды сатып алууда мамлекетке ири зыян келтирген деген айып менен соттолуп, тогуз жылга эркинен ажыратылган. Ал 2016-жылы келтирилген чыгымды төлөгөндөн кийин абактан бошотулган.
Демек, Түлеев кылмыштуу аракетин мойнуна алып отурат. Ак ниет эмес, жеке кызыкчылыгын мамлекеттин мүдөөсүнөн бийик койгон ач көздүгүн өзү шардан кылды.