www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү күндө Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун 89–159-чакырымдар аралыгында жолду тейлөө жана күтүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министрлигин маалымат кызматы билдирди. 

Аталган тилкеде China Railway №5 компаниясы тарабынан пландуу иштер аткарылууда.

Ушул эле жолдун Эпкин–Башкууганды долбоордук участкасында 3 автогрейдер, 1 жүктөгүч (погрузчик), 1 экскаватор жана 8 адамдан турган эки бригада тартылып, жолду тазалоо жана кум чачуу иштери жүргүзүлүүдө.

Ал эми  Кызарт ашуусунда инерттик материалдар себилип, жол абалы күнү-түнү жолчулар тарабынан көзөмөлгө алынган. Учурда тыгын жок. Каттам үзгүлтүксүз уланууда/

Тыгындардын алдын алуу максатында 21-декабрдан тарта Кызарт ашуусунда кезмет (дежурство) уюштурулуп, атайын вагон коюлду. Кыш мезгили толук аяктаганга чейин бул аймакта туруктуу кезмет жүргүзүлөт.

 

Последние новости