www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шекер айылындагы раматылык Чыңгыз Айтматовго арналган музейдин бет маңдайындагы эстеликтин алдында, ушул айыл тургундары Баялы менен Тоялы аксакалдар Чыңгызга арнап куран окуп олтурушту.
Алакан жайылып, куран окулган соң, Баялы-Тоялыга акырын үн катты:
- Токе, бүгүн Чыкең кайда болду экен?
- Чыкең бир күнү бейиш төрүндө, экинчи күнү космосто.
- Ал космосто эмне кылат?
- Баялы маселе ошондо, ал ааламга атагы чыккан К.Маркс, Ф.Энгельс,
В. Ленин, И.Сталин, Рузвельт, У.Черчилл жана башкалардын рухун чогултуп, «Саманчынын жолун» жазап жүрөт да, аларды «Ак кемеге» салып алып, ааламга тынчтык тилеп, жер жүзүндөгү адам аттууларга биримдик, ынтымак тилеп, ээ адамдар күн сайын-адам бол деп, кээде Манас-Ата чокусуна келип, ак кар, көк музун колу менен сылап,
- Анан «Шекерге» да, көз кырын салат да?
- Ооба, ээ туугандарым 14-жыл болду, мени кейиттиңер деп, жер карап, көзүнө жаш алып, мейли аман эле болгулачы деп.
- Ал эмнеси, Тоялы чочуп кетти.
- Чочуба, Тоялы! Биз «Чыңгыз-Ордо» курабыз, ал «Манас-Ордого» тете болот-деп иш башталбады беле. Анан акыркы 3-жылдан бери токтоп калды. Ойлогон, бир жан жок. Уят болдук го, арбак алдында. Арбакка жалганчы болушту. Кудай деле кечирбейт! Улуу адамды, дүйнө элинин сүймөнчүлүгү болгон окуяны... Аттиң, аттиң. Мындай дөөпөрөстөр болгондон көрө... Шапке кийип, басып жүрбөй... Арбакты ызага чулгап, көз жашын көлдөтпөй, 14-жыл өтүп-өтпөй, улуу адамга мындай мамиле жасаганча...
- Жүз аарчысы менен көзүн сүрттү Баялы. Манаска тете Чыңгызды унуткан жексурлар, дале кескилеп келсе оо дүйнөгө аттанат да, адамдык парзын аткарбай барса, тозоктун «кызыл чогуна» бир малып алса, эмне болор экен...
- Күнөө экөөбүздө да, бар. Эмне үчүн үн катпай, кеңештерибизди айтпай, куран окуган болуп, туруп жүрөбүз. Биз да, КУДАЙ алдында, арбак алдында милдетибизди аткардык го.
Эки аксакалдын кейиштүү аңгемесин уккан жаран, алар ким болбосун, көр оокат үчүн жүгүрбөй, кызмат үчүн бүлүнбөй, Чыңгыз Айтматов үчүн жүгүрсө, ал үчүн бүлүнсө, бах таалай, ырыс, кут, бейкутчулук болоорун унутушпаса.
Арбак алдында берген убаданы орундатпай коюш андан эки эсе... Уят өлүмдөн катуу билгенге. Ойлон, ойлон бурадар. Али да, кеч эмес!
Төлөгөн Наралиев
Булак: NazarNews.kg