www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстан Кытайга электр кубатын экспорттоого ниеттенип жаткандыгын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Төраганын айтымына караганда, Кытайга электр энергиясын сатуу боюнча өкмөттүк деңгээлде сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жатат. Жакында мамлекеттик сапардын алкагында Кытай өзүнүн элине саткан баа менен аларга электр кубатын берүү боюнча документке кол коюларын билдирди. Анын бир киловатт-сааты 6-8 цент экендигин айтты. Жапаров аны менен катар эле CASA-1000 долбоорун, өлкө 2004-жылдан тарта электр кубатын 8 центтен берип жаткандыгын эске салды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстандын электр кубатын сата турган рыногу пайда болорун, бул инвесторлор үчүн өтө маанилүү экендигин белгилеген.
Булак: NazarNews.kg