www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абибилла Пазылов: «Сатыбалды Жээнбеков жеткен бийиктик»

«Сатыбалды Жээнбеков, бу жарыкчылыктан жаш өткөн кайран агабыз быйыл, береги саратан жайдын башында жетимишке чыкмак», - деп эскерет хирург Абибилла Пазылов. Бул тууралуу Абибилла Пазылов өзүнүн Facebook жазды.

«Сатыбалды Жээнбеков, бу жарыкчылыктан жаш өткөн кайран агабыз быйыл, береги саратан жайдын башында жетимишке чыкмак экен да?! Ал киши арабыздан кеткенден бери карай кыйла мезгил карыптыр.

Жашоонун ушунусу ушу, каркын-карылуу канат байлап, ой-бойго койбой, анча-мынча аял-буялдабай жомоктогу зымырык куштай сабалап, бет келди бейдаректике сызмай.

Маал-маал кайда баратабыз, эмнеге мынча шашабыз дегендей бушайман чекмегибиз, тымызын да, шардана да наалымагыбыз өзүнчө кеп.

Маркумуңуз кечээ, жыйырманчы кылымдын жуп этегинде жүз берген жылдары ары мазумундуу, ары романтикалуу турмуш кечирди. Гитара коштогон ыргактуу ырлары, теледен кыргызча, орусча бирдей деңгээлде кыраттуу окуган маалымат-жаңылыктары, анда-мында жарыяланган олуттуу публицистикалык макалалары, анан парламенттин минбарынан сүйлөгөн орундуу ой-пикирлери аркылуу дүйнөнү, ириде, мекенибизди, ийиндеш, ирегелеш замандаштарыбыздын көз карашын жаңылап, өзгөртүүгө астейдил аракетин көрдү.

Эгерде баякыда, антип бөөдө ажал тоорубаса, чоң-чоң максаттарына жетүүгө, келечегине дагы шыктанып, дагы күчөп ынтылмактыр. Арийне, күнү бүгүн анын кыска өмүрүндө багындырууга үлгүргөн бийиктигин деле айтылуу Көк-Арт дабанынын ак кар, жалтырак муздуу чокусу менен салыштырууга болмогун ичимден боолголоп, чамалап олтурам.

Баса, кезинде Сатыбалды аке менен Бишкекте, көп кабаттуу бир тамда короолош турдук. Эртели-кеч салам-аликтешип, кээде кара бак аралап, сейилдейбиз. Түмөнбай Байзаков оозуна атайы ырымдап түкүргөндөй азил, аскияга маш.

Баарлашуу учурунда мага да бала чактан жакын тааныш, маани-маңызы дапдаана түшүнүктүү не бир укмуш, албетте, калемпир-мурчтуу, кычык-кучук сейрек сөздөрдү колдонуп, куудулданып-шумданып, бооруңду жаман эзет...

Каман өлсө тиши, адам өлсө иши калат дешет илгертен. Ий-е, жакшынын жаркыраган элеси унутулбайт. Сан миң тамырлуу тагдырдын ошонусуна кариет, ошонусуна топук», - деп жазган Пазылов.

Сатыбалды Жээнбеков 1952-жылы 13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Багыш айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Мектепти аяктагандан кийин Бишкекке келип, чыгармачыл инсан болууну көздөп, филармониянын алдындагы окуу жайга тапшырат. Бирок атасы ал тандоосуна каршы чыгып, кайра айылына чакыртып алган.

Кийин Москвадагы Мичурин атындагы педагогикалык институтуна тапшырып, ал жактан орус тили жана адабияты факультетин аяктаган. Окууну бүтүп келери менен мурда өзү билим алып кеткен Сузак районундагы Пушкин атындагы мектепке мугалим болуп орношот. Көп өтпөй 24 жашында ошол мектепке жетекчи болуп дайындалган. Азыркы тапта аталган окуу жайга Сатыбалды Жээнбековдун ысымы ыйгарылган.

Коомдук жана саясий ишмердин өлүмү али күнгө чейин белгисиз, ачыла элек сыр бойдон. Сатыбалды Жээнбеков 1996-жылы май айында кырчындай 44 жашында дүйнө салган. Анын эмнеден каза болгонун үй-бүлөсү да, дос, кесиптештери да так билишпейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости