www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эрдоган: «Батышка ишенүүгө болбойт»

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Ван шаарында жаштар өкүлдөрү менен жолугушууда батыш өлкөлөрүнө, өзгөчө саясат маселелеринде ишенүүгө болбойт экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал бул маселеге Грецияда америкалык базалардын жайгаштырылышы тууралуу айтып жатып токтолду.

"Биз Грециядан эмне үчүн аскердик базаларды курдуңар деп сурасак. Алар бизге: "Россияга  каршы" деп маңыздуу жооп берип жатышат. Эгер Россияга каршы болсоңор, Украинаны колдоо үчүн эмне кылып койдуңар? Мунун баары жалган. Бул Батышка ишенүүгө болбойт", - деди ал.

Эрдогандын айтымында, батыш өлкөлөрү менен саясат эмес, илим же искусство жаатында гана кызматташууга болот. Ал Анкара 1999-жылы талапкер статусун алганына карабастан, Брюссель Түркиянын Евробиримдикке кирүүсү боюнча акыркы чечимди көп жылдардан бери чыгара албай жатканын кошумчалады.

Эске салсак, түрк президенти ушул аптанын башында Грецияда америкалык тогуз база жайгаштырылганын белгилеп, АКШ өзүнүн аскерий катышуусун күчөтүп жатканын сынга алган болчу.

Ал Грециядагы америкалык базалар Россияга каршы багытталбаганын айтып, Грецияга АКШ жана Европа өлкөлөрүнүн колдоосу кимге каршы багытталганына кызыккан.

Эрдоган буга чейин дагы Грециянын Эгей денизинин чыгышындагы аралдарды милитаризациялоосу “катастрофа менен аякташы мүмкүн” деп эскерткен эле.

Эки өлкөнүн мамилеси акыркы жылдары аймактык талаштардан улам олуттуу курчуп кеткен. Тараптар деңиз зоналары боюнча бир пикирге келе алышпай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости