www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда ысык аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Орусиянын "Мир 24" каналы жазып чыкты.
2-июндан 1-сентябрга чейин саат 10:00дөн 20:00 аралыгында, абанын күндүзгү температурасы 28 градустан жогору болгон учурларда өлкөнүн жалпы пайдалануудагы жолдорунда жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө убактылуу чектөө киргизүү тууралуу буйрук чыккан.
Жогоруда белгиленген убакыттарда салмагы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу унаалардын жүрүшүнө тыюу салынды.
Мындай чечим жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун коопсуздугун камсыз кылуу, ошондой эле алардын пайдалануу мөөнөтүн жогорулатуу максатында кабыл алынды.
Аталган чечим күчүнө кирген соң өткөрүү пунктарында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги жаралды. Негизинен Казакстандан, Орусиядан жана Түркиядан келген жүк ташуучу унаалардын топтолушу байкалууда.
Улукбек аттуу айдоочу 5 суткадан бери жолдо экенин билдирди. Анын жүк ташуучу унаасы салмак нормасынан ашып кеткен. "Кечээ Казакстандан келдим, ал жакта 42 градус, бирок аларда мындай чектөө жок. Ал эми Кыргызстанда бар. Мыйзамга баш ийип, күтүп жатабыз," - деп билдирди айдоочу.
Абанын температурасы 28 градустан өткөндө жүк ташуучу унаалар эртең менен жана түнкүсүн гана жүрү алышат. Учурда Бишкектин четинде абанын температурсы 36 градусту түзүүдө. Ашыкча салмактан асфальт ээрип, жаракалар пайда болууда.
"Ак-Тилек" өткөрүү пунктунун башкы инспектору Урмат Көлбаевдин айтымында, негизинен товарлардын көпчүлүк бөлүгү бат бузулуучу азыктар эмес, курулуш материалдары сыяктуу жүктөр. "Документтерди, унаанын салмагын текшере келгенде 99% дал келүүдө", - деп билдирди инспектор.
Аталган эреже гумантирдык жардам, тез бузулуучу азыктар жана дары-дармек ташыган унааларга тиешелүү эмес.
Чектөөлөр киргизилген мезгилде Кыргызстандын аймагы аркылуу жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана айдоочулар тарабынан убактылуу кыймылга коюлган чектөөлөрдү сактоону көзөмөлдөө боюнча Жер-суу транспорту башкармалыгына тапшырма берилди.
Булак: NazarNews.kg