www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ар бир бийликтин тушунда кошоматчылар боло келген. Артка кылчайып, аларды санаган да не? Учурдагыны кеп кылсак, Жогорку Кеңеште Акылбек Түмөнбаев менен Балбак Түлөбаев биринен-бири өтүп, жагымпоздуктун жогорку үлгүсүн көрсөтүп жатышат. Чектен чыкпай эле коюшпайбы?
Азыр президент Садыр Жапаровдун таасири, күчү бар. Анчалык деле коргоого, колдоого муктаж эмес. Бирок «көзгө көрүнүп калалы» дешеби, айтор, Түмөнбаев менен Түлөбаев парламенттен тим эле күйүмүш этишип, боорлорун оорутушса, бери жактан жерге кирип кеткиң келет. Өздөрү уялбайбы? Же кошомат кылуу да кесип, азарт беле?
Уят-сыйыт, намыс деген кашайганбы? Булардын сүйлөгөн сөздөрүнөн мисал деле кылбай коёлу, жийиркенип кетесиң. Керек болсо кийинки муун парламенттин стенограммасынан, интернет айдыңынан казып алышаттыр...
Булак: Азия News гезити