www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдалдар министри Бообек Ажикеев табигый кырсыктар катталган өлкөнүн түштүк аймагына жөнөп кетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын май айынын башында болгон жаан-чачындын кесепеттерин жоюу үчүн өзгөчө кырдаалдар министри Ажикеев түштүк аймакка жөнөп кетти. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда, Ош облусунун Алай районунда табигый өзгөчө кырдаал катталгандыгына байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министринин шашылыш иш сапары жогоруда аталган сел жүргөн аймактарда болуп, селден кийинки калыбына келтирүү жана калк коопсуздугун камсыздоо боюнча болмокчу.

Азыркы тапта Жалал-Абад шаарындагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга Жарандык коргонуу кызматынан 392 жаран жана 42 техника тартылды.

Ал эми Ош облусунда Жарандык коргонуу кызматынан 141 жаран жана 14 техника иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости