www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жеңиш мырза, сот иштери кайсы өңүткө жетти?

- Октябрь окуялары боюнча 105 том токулган. Жети ай тергөө жүргөн. Иштин сотко өткөнүнө алты ай болду. Айыпталуучу катары жети адам көрсөтүлгөн. Бирок, алты адам гана отурабыз. Жетинчи адам Өмүрбек Бабанов. Анын иши өзүнчө өндүрүшкө алынып кеткен. Алты айдан бери процесс баштала элек. Буга биздин бир дагы өтүнүчүбүз (ходатайство), арызыбыз сот тарабынан колдоого алынган жок. Канааттандырарлык чечиле элек. Бир гана мамлекеттик айыптоочулар, прокурорлордун өтүнүчтөрү колдоого алынып келе жатат, бул абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу жагдай, аныгында, соттордун адилетсиздигинен кабар берип турат...

Сот процесси баштала элек. Болгону биз жол-жобосун гана беките алдык. Буга биз макул болгон эмеспиз, сот өзү эле бекитип алды. Таң калычтуусу, «Октябрь окуясы боюнча айыпталуучу» деп алты адам күнөөлөнүп жатабыз. А «жабырлануучу» мамлекет өзү. Соттук процесске президенттин иш башкармалыгы, мэриянын өкүлдөрү галстукту моюнга тагып, костюмду кийип, кычырап, «биз жабыркаган тараппыз» деп келе баштады. Октябрь окуясы боюнча эки гана тарап бар: айыпталуучулар - ок чыгарганга, разгонго уруксат, тапшырма берген Жунушалиев, Опумбаевдер болсо, жабыркаган тарап бирөө - бул эл. Окуя болгон жерде колу-бутунан, көздөрүнөн айрылган, ок жеген, катуу жаракат алган элдер сотко арыздарын жазып келишүүдө, бизди жабырлануучу катары кабыл алып койгула» деп.

- Өмүрбек Бабановду эмне үчүн сот иштерине тартпай жатышат?

- Бул боюнча бизде да суроо жаралды, «эмне үчүн жети кишинин ичинен Өмүрбек Бабановдуку өзүнчө өндүрүшкө алынат?» деген. Бул боюнча прокурорлорго, сотторго да айтып, жообун алалбай келебиз. Жакында башкы прокуратуранын башкы белүм башчысына да собол таштаганымда (байкабай айтып алды окшойт), «Өмүрбек Бабанов тергөө менен кызматташуу келишимине кол коюп, өзүнчө өндүрүш ишине алынды» деди. «Тергөө менен келиши» деген абдан чоң нерсе, «Башка бирөөгө көрсөтмө берип, тергөөнүн ишине жардам берет» деген маани. Эртеси Өмүрбек Бабановдун тарапташтары, жактоочусу ал келишимге кол койгон эмес» деди. Бул бүдөмүк нерсе жакында билинет, көрөбүз.

- Негизи, Октябрь окуясына ошол кездеги бийликтин адамдары да күнөөлүү да, ушул боюнча кыскача токтолсоң?

- Соттун жүрүшүндө 105 томдун ичиндеги тергөөчүлөр өздөрү чогулткан материалдарды эле биз алып чыгып жатабыз. Аны сырттан же өзүбүз ойлоп тапкан жерибиз жок. Ошол жерде 100ге жакын адамдардын арызы турат. «Сооронбай Жээнбеков, Боронов, Жунушалиев. Опумбаевдерден 2 миллион сомдон өндүрүп, жоопко тартып бергиле деген. Негедир тирүү адамдардын арызы каралбай жатат. Биз сотко кайрылып, ушуларды эле кабыл алып койгулачы?» деп жатабыз. Эгер эки адам мушташып, жабыркаган адам арыз жазса, эртеси эле экинчи адам камалып кетип жатат. А бу жерде ок жеп, катуу жабыркап, бийликтин запкысын тарткандар арыз жазып жатышса, арыздары каралбай келет. Биз ушуларды жүйө, өтүнүч келтирип жатабыз сотто. Ошол эле 105 томдун ичинде азыркы бийликтин жана «Мекенчил» партиясынын өкүлдөрү түшүнүк кат жазып, биз Ак үйгэ, аянтка Coopoнбaй Жээнбековду кетирип, Садыр Жапаровду бийликке алып келүү максатында келгенбиз. Түрмөдөн чыгарып келип, Ак үйге кирип, өткөзүп берип кеткенбиз» деген арыздары турат.

Ооба, сөзсүз түрде Октябрь окуясы боюнча иш аягына чыгышы керек. Менимче, бул иш аягына чыкпайт. Анткени бир тараптуу гана каралып, «мобу адамдар гана камалышы керек, калгандары апапак» дегендей ишарат көрсөтүлүүдө. Өзүңүз ойлосоңуз, президент «Октябрь окуясы - революция!» деп жатса, прокуратура, ИИМ, УКМК «Октябь окуясы - төңкөрүш» дешүүдө. Бизге «Төңкөрүш» (бийликти күч менен басып алуу) деген берене койду да. Эгер бизди соттой турган болсо, анда Сооронбай Жээнбековду бийликке алып келиш керек дагы, бул бийлик кетиши керек да, туурабы?

Калпыс болуп калганын прокуратура да моюнга алууда. Ошон үчүн Октябрь окуясы боюнча соттук иш кыскарышы керек. Кайрадан тергөөгө баруу кажет. «Жок, аныгына, чындыгына жетебиз» десек, анда ошол жерде жүргөн бардык партиянын лидерлерин, азыркы жана мурунку бийлик, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров - бардыгын сураш керек. Мына ошондо адилеттүүлүк болот. Анан эле бийликке сын айткан мени, мага окшогондорду камай берген туура эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости