www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореяда 18 миң адам COVID-19 жуктуруп, анын алтоо көз жумганын, бул — адамдардын аталган оорудан каза болгону тууралуу алгачкы кабар экени айтылды. Маалыматты РИА Новости Ренхап агенттигине таянып таратты.
Буга чейин аталган мамлекеттин лидери Ким Чен Ын өлкөдө коронавирустан улам кокусунан өзгөчө кырдаал жаралганын жарыялаган. Ал өкмөткө COVID-19дун жайылуусун токтотуу үчүн бардык жаатта жумушту санитардык нормаларды жогорку деңгээлде сактап алып барууну тапшырган. Ошондой эле уезд, шаарларды жабууну буюрган.
Пхеньянда тумоолоп калган бейтаптардан анализ алынып, жыйынтыгында алардын коронавирустун "омикрон" штаммын жуктуруп алганы аныкталган. Белгилей кетсек, коронавирус пандемиясы башталгандан бери Түндүк Кореяда аталган оору аныкталганы кабарлана элек болчу.
Булак: NazarNews.kg