www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-майда Иранда азык-түлүктүн кымбаттоосуна байланыштуу бир катар шаарларда нааразылыктар өтүп, ага катышкандардын кеминде 20-30дайы кармалды.

Өлкөнүн президенти ушул аптада бир катар экономикалык чараларды, анын ичинде мамлекеттик бюджеттин эсебинен баасы туруктуу кармалган айрым товарларга субсидиялар алынарын жарыялаган. Натыйжада өлкөдө ун менен майдын баасы кымбаттай түштү.

Бул өлкөдө нааразылыктарды жаратып, батыш аймактагы Хузестан провинциясында бир нече шаарларда акцияларга алып келди.

Интернетте тараган видеолордо көрүнүп тургандай, Дезфуле жана Махшар шаарында каршылыкка чыккандар өткөргөндөр Раиси менен Ирандын жогору лидери Али Хаменеинин кызматтан кетишин талап кылышкан. Айрым маалыматтарда полиция чогулгандарды таратуу үчүн көздөн жаш чыгаруучу газдарды чачты. Нааразылыктар эки күндөн бери уланууда.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу экономикалык чектөөлөр кирген соң дүйнөдө азык-түлүк жана башка багыттагы товарлар кымбаттай баштаган. Орусия быйыл февралда Украинага кол салгандан кийин баалар дагы өстү.

БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму быйыл бул согуштан улам элүүдөй мамлекетте азык-түлүк тартыштыгы болорун эскерткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости