www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогулдун бир катар айылдарын зыянкеч курттар каптады

 Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун аймагында 80 гектар жерди күздүк үкүчө курту каптады. Бул маалыматты аталган облустун Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин боюнча башкармалыгынын башчысы Кайрат Садыков билдирди.

Анын айтымында, аталган курт райондун Бел-Алды айыл аймагынын Коргон, Сары-Сөгөт айылдарынын жашоочулары кайрак жерге эккен эспарцетин жеп, талааларды такырга айлантып жатат. Мындан сырткары, Ничке-Сай, Чолпон-Ата айылдарындагы кайрак жердеги тоют өсүмдүктөрүнө түшкөн.

Жалал-Абад облусундагы эгин жана тоют талааларын курт менен чегиртке каптап, жеп жатат. Бул зыянкечтер Аксы, Ноокен, Сузак жана Токтогул райондорунда катталууда.

Ал эми чегиртке Кыргызстанда Жалал-Абад облусунун Ноокен, Сузак, Аксы райондорунда жана Баткен облусунун Лейлек районунда катталып жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости