www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ойлоп көрсөңүздөр, азыр канча саясатчы бийликтен четтетилип калышты? Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Бабанов, Сариев, Мадумаров, Масалиев, Мырзакматов, Кулов, Исаков, Сооронбай жана Асилбек Жээнбековдор, Равшан жана башка майда-чүйдөлөрүн айтпай эле коёлу. Берки кетип бараткан Жогорку Кеңеште дагы канчасы отурат? Жанар Акаев менен Дастан Бекешовдор эмнеге чыңырып атышканы белгилүү да.

Булардын баарынын тилеги Садыр Жапаровдун бийлиги кулап калса эле, алар кайра ээрге отурбаса дагы авторитет болушуп, бир жерине кыпчылчудай. Уйкулары качып, Фейсбукту чукулап отурушат. Кээ бирөөлөрү ачык жазышса, көбүнчөсү берки көкмээ жаштарды шыкап, тыйын берип коюшат.

Бийлик бир жеринен эле чалынып, түшүп калса. Эл нааразы болсо. Эч кандай ийгилик, жакшы жетишкендик болбосо. Кымбатчылык, жумушсуздук, ачарчылык күчөсө... Эми аларсыз деле бийлик түз жерден чалынып атканы чын. Жергиликтүү шайлоо тынч өтсө, анан күзүндө парламенттик шайлоо катуу болуп калышы мүмкүн. Бийлик туура кадам таштап, катарын салмактуулар менен кеңейтпесе, кырдаал чын эле курчуп кетиши ажеп эмес.

Булак: Азия News гезити

Последние новости