www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов жана Жантай Шаменовдун үй камагына чыкканына каршымын”, - деди бүгүн, 18-мартта NazarNews маалымат агенттигине Бишкек шаарынын тургуну Варис Абдуллаев.
--“Ишканасын тарттырып жиберген жабырлануучу Варис Абдуллаевдин ишине байланыштуу соттор мыйзамсыз чечим чыгарган. Мен Абдуллаев жактоочусу катары бул чечимге макул эмесмин. Ошондуктан Жантай Шаменов менен Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун иши кайра каралышы керек. Азыр биз Башкы прокурорго, Садыр Жапапровго, Камчыбек Ташиевге ошондой эле тишелүү органдарга кайрылабыз. Акыйкат чечим болсун. Карапайым элди кыйнашпасын”, - дейт жактоочу Алтынбек Амиракунов.
Ал эми жабырлануучу Варис Абдуллаев депутат Дүйшөн Төрөкуловдун үй камагына чыкканына каршы.
--“Мен ишканамды тартып алган Жантай Шаменов менен Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкуловдун үй камагына чыкканына каршымын. Соттордун чыгарган чечими акыйкатсыз. Азыр мен баардык жактан айтып жатам. Кыргызстанда ушуларга окшогон “каралар” бирөөнүн ишканасын, буюмдарын тартып алып, менчиктеп алышса ишкерлик кылгың келбей калат экен. Же мыйзамдуу чара көрүлбөсө? Дүйшөн Төрөкулов чыгып алганын билгем. Ал эми Жантай Шаменовдун дагы чыкканын билген эмесмин. Азыркы күндө биз үй-бүлөбүздүн коопсуздугунан коркуп жатабыз. Ошондуктан Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жана тиешелүү органдарга кайрылам акыйкат чечим болсун”, - дейт жабырлануучу.
Булак: NazarNews.kg