www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзүн таанытам деп түз эфирден чаң салган «неадекваттар» көбөйүп кетти. Мындай пикирин журналист Дайырбек Орунбеков билдирди.
«Хайп» - сабатсыздык, тарбиясыздык жана тунгуюкка алып барчу инструмент. Эл ушуга көнүл буруп, хайп менен жашап, хайп кылгандарды баалап жатып, бул оору бүткүл тармакта түрдүүчө жетти. Элдин талабына ылайык мамлекеттик кызматкерлер дагы социалдык байланыш тармагы аркылуу «хайп» жасашат. Айрым жетекчилер өз милдеттерин унутуп эле түз эфирде жүрүшөт, кол алдындагылардын ишин жасап, өзүн элдин назарына көрсөтүп. Мындай болсо - мамлекеттик кызмат жетекчилери иштебей эле «онлайн пиар» менен алаксып калышат.
Эгер түз эфирге чыкпай койсо - иштебей жатат деп баалашат. Түз эфирден түшпөй, баскан турганын көрсөтө берсе «маладес» деп макташат. Чынында онлайн иштөө ыкмасын Балбак Түлөбаев оригиналдуу кылчу жана жагымдуу эле. Андан соң «иштейт деген ушул тура» деп көп чиновниктер «онлайнга» өтүп алышты. Иштебей эле иштегендердин ишин түз эфир кылып жүрүшөт.
Бул нерсенин дагы модасы бүттү, эми салттуу эле иштөө тартибине өткөнүбүз оң. А болбосо, өзүн таанытам деп түз эфирден чаң салган «неадекваттар» көбөйүп кетти. 500 лайк чогултуп алса эле «жетекчи» болом деп тополоң салышып. Хайптын доорунда Чымкоргонго камап салчулар звезда болуп жатышат», - деп кошумчалаган ал.
Булак: NazarNews.kg