www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Пандемияда эч ким Райымбек Матраимовдой элге жардам берген жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине көз карандысыз журналист, коомдук ишмер Мелис Арип-Бек.
--“Эки жыл мурда 5-каналга Али Токтакунов менен Искендер Матраимовду эфирге чыгарганда журналист Токтакунов апкаарып жооп бере албай калган. Себеби колунда так фактысы жок да. Мына баарыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанда байлар абдан көп. Сыртка акчаларын кымырып алып качып кеткендери канча. Бирок Матраимов ошолордой болбой тапкан ташыганын эл менен чогу бөлүшүп, кыйналып жатканда кол сунуп жардам берди. Бул адамдын топуктугун, кеменгерлигин жана адамгерчилигин билдирет. Анын кыргыз элине кылган жакшылыгын баары билет. Пандемияда карапайым элге көмөктөштү. Жети дубанга ун, нан жана майына чейин таратты. Обсервация ачып, көптөгөн адамдын өмүрүн сактап калды. Алардын өмүрүн ким анчалык коргоп калмак эле? Мамлекеттин жүгүн көтөрдү. Матраимов жолдорду оңдоптур, мечит куруптур, чемпиондорду колдоптур. Мисалы, башка байлардын мынчалык чоң иштерди жасаганын көрө элекпиз. Эгер Райымбек Матраимов пандемияда элге ун таратып жардам бербесе аны эч ким тааныбайт эле. Кубанычбек Жумалиев жана башка байлар 1 кг ун таратып бердиби? Аны көрө албаган адамдар эмнеге кыянаттык кылып жатышат буга таң калам. Азыр ага карата айтылып жаткан сөздөр жалган жалаа. Андыктан карапайым элдин жүгүн көтөргөн балдарды колдоп, мамлекеттик чоң кызматтарга алып барсак болмок. Мен айтаар элем Райымбек Матраимовду колдойлу, жөн эле күнөөлөгөндүн кереги жок. Бул баланын жүрөгүндө Кудай бар экен, айкөлдүк бар экен. Бул бажы кызматында жөнөкөй эле кызматкер болуптур, бажынын башында Кубанычбек Кулматов болгон. Кулматовдун артында Алмазбек Атамбаев турду. Кулматов чоң кызматтарга секирип жүрдү. Кайсы акчасы менен ушул даражага жетти? Азыркы күндө камаганын себеби, чет өлкөлөрдө байлыгын текшеребиз дешти. Булар факты менен камашса туура болмок. Мен мындан кийин дагы Райымбек Матраимовдун айкөлдүгүн, ачык колдугун, таза жүрөктүүлүгүн ачык айта берем. Эгерде ошондой миллиардаган акчалар Кыргызстанда болсо фабрика, завод жана ишканаларды курушпайт беле. Азыр айтып жүрүшкөн 700 миллион доллар акчалар булар товарлардын акчасы. Баардык соодагерлердин чогулткан акчасы, алар чет өлкөдөн Кыргызстанга товар ташып келишет”, - дейт журналист.
Булак: NazarNews.kg