www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан британиялык "AstraZeneca" компаниясынын вакцинасын алууну убактылуу токтотту. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев бүгүн, 18-мартта Бишкекте өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын дүйнөлүк вакцинация боюнча COVAX программасына кирген.

"Биз "AstraZeneca" чыгарган вакцинаны ала турган болгонбуз. Аны -18, -20 градуста сактаса болот экен. Мындай муздаткычтар бизде бар, жетпегендерин сатып алып жатабыз. Март айында бул вакцинаны алып, эмдөөнү баштамакпыз. Дания, Венгрия сыяктуу Европадагы өлкөлөрдө бул вакцинаны сайгандан кийин адамдардын абалы начарлап, өлүмгө учураган учурлар болду деген кабарлардан улам биз COVAX тутуму менен сүйлөшүп, мунун себеби аныкталгыча вакцинаны алууну токтотуп койдук".

Бейшеналиев клиникалык изилдөөлөрдүн үчүнчү этабын күтүү зарылдыгын, жалпы COVAX программасы менен 1,2 миллион доза вакцина алууга мүмкүн экенин айтты.

19-мартта Кытайдан 150 миң доза вакцина келери күтүлүп жатканын, Орусиянын "Спутник" вакцинасы да жакынкы күндөрү келерин кошумчалады.

Америкалык "Pfizer" компаниясы 2021-жылдын январь айында Кыргызстанга 30 миң доза берүүнү сунуштаган. Бирок -70 градустук муздаткычтар жок болгондуктан кыргыз тарап ал компаниянын вакцинасынан баш тарткан.

Буга чейин айрым Европа өлкөлөрү "AstraZeneca" вакцинасынын терс таасирлеринен улам колдонууну токтотуп койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости