www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад областына караштуу алыскы Тогуз-Торо районунун аймагында коронавирус илдетинин алдын алуу максатында 4 жерге санитардык-карантиндик эпидемиялык посттор коюлуп, тиешелүү кызматтардан жалпы 18 кызматкер кызмат өтөшүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад шаары жана Сузак району боюнча комендатурасынын басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери район тургундарына жугуштуу илдеттин жайылуусун болтурбоо багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Атуулдарга зарыл жумуш болбосо көчөгө чыкпоо керектиги, өздүк гигиенаны туура сактоо эскертилип жатат. Муктаждык жаралган учурларда ар дайым беткап тагуу зарылдыгы жеткирилүүдө. Жарандарга ооруканага, дарыканага жана азык-түлүккө баруу үчүн гана көчөгө чыгып, калган убакыттарда үйдө отуруу керектиги айтылууда.
Белгилей кетсек, учурда Тогуз-Торо районуна Нарын областы тарабынан гана кирүүчү унаажолу ачык. Ал эми Жалал-Абад-Казарман унаажолу ашуудагы карга байланыштуу убактылуу жабылган. Бул жол май айларына барып ачылаары белгилүү.
Булак: NazarNews.kg