www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Той өткөрүүдө өзгөчө каада-салтты карманган элдер

Бул өлкөдөгү үйлөнүү үлпөт каадасы менен дүйнөдөгү эң кызыктуу делген өлкөлөрдүн ичине кирет. Болгариянын тоолуу аймагында жайгашкан Рибиново деп аталган айылы  үйлөнүү үлпөт каадасы дүйнө жүзү боюнча эң кызыктуу салтаардын бирине кирет деп жазды hurriyet.com.tr сайты.

Болгариядагы Родоп тоолорунда жайгашкан Рибново мусулман айылы дүйнөдөгү эң кызыктуу делген үйлөнүү тоюн өткөрөт. Жергиликтүү эл калаадан ыраакы жерде отурукташып, ошол жерде көп жылдардан бери бул салтты тутунуп, даңазалап, башка элдерди таң калтырып келет

 Бул алыскы аймакта Ислам динин кабыл алган помактар- славян тилинде сүйлөгөн этнодиний топтор жана ошондой байыркы түрк элинин тукумдары жашашат

 Айыл эли патриархалык коомдун салттарын жана байыркы каада-салтты сактап калышкан

 Коммунистик режим учурунда жергиликтүү мусулмандар бир топ кысымга алынган. 1960-жылдары болсо бийлик тойлордо улуттук музыкаларды жаңыртууга ал эми кийинчээрек улуттук кийимдерге тыюу сала баштаган. 1890-жылдары той жөрөлгөлөрү таптакыр өткөрүлбөсүн деген талап чыккан. Кыштак кедей болгонуна байланыштуу эркек аттуулардын баары чет жакка жумуш издеп кетүүгө мажбур болушкан

 Жомоктогудай керемет үлпөт той кыштактын көркүн ачып, кызыктырып турат

 Дагы бир таң калтырган нерсе буларда алыс жактан келген меймандарды үч күн боюу коноктоп, сыйлашат

 Атайын салтанатта колуктунун бети ак боёк менен боёлуп, ар кандай жалтур-жултурлар менен кооздолот

Бул күнү бир-нече саатка уланган салтанатка бир гана күйөө жолдоштун туугандары гана катышат

 Бул айылда турмушка узап жаткан кызга нике кыйылмайынча көзүн ачууга болбойт экен салт боюнча

 Колуктунун башына жасалма гүлдөрдөн жасалган гүлчамбар кийгизип, жүзүн жалтырак жиптерден жасалган парда менен жаап коёт

 Ырым-жырымдын жүрүшүндө апасы узап жаткан кызды мурун жашаган үйүнө алып келет. Бул кыздын үйүнө акыркы жолу келиши деп аталып, эски, байыркы салттардын бири болуп саналат

 Келин ак түстөгү үлпөт көйнөк эмес, ачык, түстүү өңдөгү көйнөктү кийет

 Андан соң, жаш колуктуну жерге узунунан жаткызып,  атайын бул жөрөлгөнү жасай турган аял анын мандайына, эки бетин жалтыратып боёп, адам тааныгыс кылып өзгөртүп чыгарат.

 Жергиликтүү элдин айтышынча, келинди ар кандай жаман көздөрдөн сактасын деген ниетте жогорудагы салтты тутунат

 Бир күнгө созулган шөкөөттө кыздын үйүнө күйөө жигит достору менен ыр-бийдин коштоосунда келет

 Кызга берилген септи айылдын мырзалары алып чыгат, ал эми башка  бул салтанатка катышпаган тургундар сырттан көрө алышат

Дагы бир салт болсо бул- узап жаткан кыздын үйүнүн алдына аркан тартышат

Ага кыздын ата-энеси жылдар бою алган кимдерини өзгөчө ыкма менен илип чыгат

Дагы бир таң калыштуу жөрөлгө бул - айылдын жаш-жубайлары алган тиричилик техникасын, эмеректерини бүт элге көрсөтүшү керек

 Алар сатып алган сыналгы, шкафтарыны, жаңы керебеттерди, микротолкундуу мештерине чейин көчөгө алып чыгып, бүт эл көрө тургандай кылып коюшат. Бул бир чети кадимки эле  жарменкени элестетет

 Ал эми ушул жөрөлгөлөрдүн баары жасалып бүткөндөн кийин гана той кечеси башталат

 Той болсо бир гана улуттук аспаптарда ойнолгон ыргактар менен коштолот

Барабан менен зурна (сурнай) – камыш жыгачтан жасалган музыкалык аспап- аталган элдин улуттук аспаптарына кирет

Булак: NazarNews.kg

Последние новости